Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
№ 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 18-ноябрда № 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
- № 21 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Э.Р. Карачалов чыгарылып, комиссиянын курамына А.Б. Абдыгулов, Ж.У. Ибрагимов, М.К. Канатов киргизилди;
- № 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык А.У. Уланбекова чыгарылып, комиссиянын курамына Э.Р. Карачалов, А.К. Исакова киргизилди;
- № 23 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Ч.А. Сыдыгалиева, С.И. Каракозиева, Ж.Д. Осмоналиева, Ж.К. Жумалиева, Э.М. Келешев, М.Р. Босумбаев, А.О.Эгембердиева, А.О. Абдысадыкова, Г.К. Исмаилова, А.Э. Шакирова, Ж.У. Ибрагимов, М.К. Канатов чыгарылып, комиссиянын курамына В.М.Богер, А.М. Мамбеталиев, В.А. Кан, Б.Н. Ташбаев, Р. Болотбек уулу, Г.О. Сулайманова, Г.Т. Абакова, И.А. Байназаров, Д.М. Абыкеев киргизилди;
- № 24 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык А.Б. Абдыгулов, А.К. Исакова чыгарылып, комиссиянын курамына А.Э. Шакирова киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине:
- “Калк ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн М.Р. Сарымсакова;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан В.М.Богер, А.М.Мамбеталиев, В.А.Кан, Б.Н.Ташбаев, Р.Болотбек уулу, Г.О.Сулайманова, Г.Т.Абакова, И.А.Байназаров жана Д.М.Абыкеев киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы шайлоо участкасынын дареги өзгөрдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда “Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылында Жеңиш көчөсү, 22А дарегиндеги мурунку айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан № 3101 шайлоо участогунун дареги Жеңиш көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан Ж. Ракымов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Хан-Теңири айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 18 ишенимдүү адамы;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Кожокулова Гуля Акматовнанын 2 ишенимдүү адамы;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Сатынбаев Динмухамет Доктурбековичтин 3 ишенимдүү адамы;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Карыбек уулу Улукбектин 4 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Акимжанова Рысгул Абдыманаповнанын бир ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбай уулу Талантбектин 29 ишенимдүү адамы;
- № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын 15 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 18-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 18-ноябры
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурзажигит кызы Зареманын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кожокулова Гуля Акматкуловнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыбек уулу Улукбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акимжанова Рысгул Абдыманаповнанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенбай уулу Таланатбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы – Исаев Э.А., Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
№ 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаев Э.А., Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айтиев Темирлан Тынычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнанын № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
Шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда.
Жолугушууларда талапкерлер өздөрүнүн программалары тууралуу айтып берип, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришүүдө.
Шайлоочулар талапкерлердин программасына байланыштуу гана суроолор менен чектелбей, өз айыл, шаарларындагы социалдык-экономикалык маселелерди козгошуп, талапкерлердин аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам демилгелерине да кызыгышууда.
Талапкерлердин өлкө аймактарынын жашоочулары менен жолугушуулары 2025-жылдын 26-ноябрына чейин уланат.
Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген график боюнча 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап уюштурушууда.
2025-жылдын 16-17-ноябында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Раззаков шаары, Тогуз-Булак жана Лейлек айыл өкмөтү, Кадамжай районунун Кызыл-Кыя шаары жана Ак-Турпак, Молдо Нияз айыл өкмөтү;
Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Араван районунун Чек-Абад, Дөбө-Коргон айыл өкмөтү, Ош шаарынын Манас Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы, Кара-Суу районунун Жоош, Отуз-Адыр, Мады, Баш-Булак, Датка айыл өкмөтү жана Кара-Суу шаары, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтү;
Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Кара-Дарыя, С. Атабеков айыл өкмөтү, Ноокен районунун Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарлары, Момбеков айыл өкмөтү, Токтогул районунун Кара-Көл шаары, Аксы районунун Ак-Суу, Үч-Коргон жана Кош-Дөбө айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча – Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Кара-Жыгач айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Кант шаары жана Ысык-Ата айыл өкмөтү, Чүй районунун С.Ибраимов, Бурана айыл өкмөтү;
Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү, Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл өкмөтү, Тоң районунун Барскоон, Жаргылчак айыл өкмөтү;
Нарын облусу боюнча - Жумгал районунун Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай жана Байзак айыл өкмөтү, Нарын районунун Учкун айыл өкмөтү, Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ак-Моюн айыл өкмөтү;
Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы өлкө аймактарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын облустарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда.
Окутуунун алкагында шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, участкалык шайлоо комиссияларынын укуктары жана алардын иштөө принциптери түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча, атап айтканда, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоочу протоколдорду толтуруу жаатында кеңири маалымат берилет.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга шайлоо боюнча тренерлер тартылган.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерлер Н.Койчумановага, Ж. Салымбековго жана К.Эргешовго айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Натыйжада, үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн айып пул № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага, № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке жана № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке салынды.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы № 12 шайлоо округунан талапкер Н.Койчуманованын баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык, талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Ал эми Whatsapp мессенджери аркылуу жөнөтүлгөн фотоматериалдарга ылайык, № 24 шайлоо округунан талапкер Ж.Салымбековдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган. Ага ылайык, 2025-жылдын 8-ноябрында Ж.Салымбековдун үгүт баннери спорткомплексте илинип турганы маалым болгон.
Ал эми № 24 шайлоо округунан талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар КР БШКга Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн келип түшкөн. Ага ылайык, талапкердин ишенимдүү адамы Н.Жумабеков Whatsapp группасында талапкер К.Эргешов үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратып жаткандыгы аныкталды. Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ишенимдүү адамы Н.Жумабеков Ала-Арча айылынын тургундары үчүн Whatsapp группасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.Эргешовдун демилгеси менен Бишкек мэриясы балдар аянтчасын реконструкциялап, жарыктандырып, ошондой эле канализациялык түтүктөрдү төшөгөнү тууралуу маалымат таратканын тастыктады. Анын айтымында, ал шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуп жатканын билген эмес, кийинчерээк ал группадагы аудио билдирүүнү өчүргөн.
Жумушчу топ талапкерлер Н. Койчумановага, Ж.Салымбековго жана К.Эргешовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине, № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага жана № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-23-беренелерине, ал эми № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке ушул мыйзамдын 22-беренесине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан жаранга айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө маселени карады.
КР БШКнын кароосуна бул маселени шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Instagram социалдык тармагындагы «ukuk_official» тобунда жарыяланган видеоматериалдарга ылайык, Таалай Ашканбаев аттуу колдонуучу № 25 шайлоо округунан талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы аныкталган.
Т.Ашканбаев Жумушчу топтун жыйынында Э.Сейтказиева Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп турганда мыйзамсыз токтомдорду чыгарганын айтты.
Анын айтымында, ал укук коргоо органдарына чыгарылган токтомдордун мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок чыгарылган токтомдордун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечимдер жок.
Жумушчу топ Ашканбаев Таалай Таабалдиевичке карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 47-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Т.Т.Ашканбаевге административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин 9 ишенимдүү адамы;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 24 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 17-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 17 - ноябры
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Ашканбаев Таалай Таабалдиевичтин № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
4. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
5. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
6. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда, Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Якубжонов Жавлонбек Абдикаимовичтин (“Милдет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Илашов Сохибжон Ахматовичке («Милдет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Хамракулов Обиджон Жабаркуловичтин каза болгондугуна байланыштуу, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулейманов Файзулло Хабибуллаевичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин («Эркин Эл» депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Тургунов Эрлан Эстебезовичке («Эркин Эл» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Жоробаев Жоомарт Тойчиевичтин (“Бир бол) ыйгарым укугу токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Алимов Козимжон Насировичке («Бир Бол» саясий партиясы) берилди;
- Ош облусунун Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Абдувахидинов Кадиржан Шакировичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Колдошов Абдумутал Ташболтаевичке өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Хамзаев Авазбек Мураталиевичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкеримов Үсөн Аскарбековичке өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Айтыкулов Урмат Калыбековичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Пеньков Александр Николаевичке (“Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда «Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү:
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын № 2211 шайлоо участогу З.Кутманова көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан Ю. Гагарин атындагы № 4 орто мектебинен З. Кутманова көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 5 “Рахат” бала бакчанын имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылындагы № 2216 шайлоо участоктун дареги Карл Маркс көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан № 3 орто мектебинен Сары-Бээ айылындагы Клубная көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан № 5 “Гаухар” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Тагаев көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан № 68 Т.Сартбаев орто мектебиндеги № 2001 шайлоо участкасынын дареги Төш айылындагы Төш көчөсү, 137 дарегинде жайгашкан Ак-Сай атындагы № 92 жалпы билим берүү мектебине өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Султанов көчөсү, 22 дарегинде жайгашкан Б.Төрөгелдиев атындагы мектебиндеги № 2414 шайлоо участкасынын дареги Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р.Санатбаев көчөсүндө жайгашкан С. Казакбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы Достук айылындагы Абдувахапов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан Достук маданият үйүнүн имаратындагы № 2203 шайлоо участогу Достук айылындагы Токтогул көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 21 Фуркат атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагынын Масы айылындагы Турдумбетов көчөсү, 50/1 дарегиндеги Ж.Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2170 шайлоо участогу Масы айылындагы И.Турдумбетов көчөсү, № 55а дарегинде жайгашкан Масы спорт мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Дарыя жана Көк-Арт айыл өкмөттөрү, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргөндү-Достук жана Д. Садырбаев айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин бир ишенимдүү адамы;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкаров Адылбек Бейшембаевичтин 4 ишенимдүү адамы;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын бир ишенимдүү адамы;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин бир ишенимдүү адамы;
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Акимбаева Гульнара Орозбековнанын 6 ишенимдүү адамды;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Бакыт Муратбековичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын 2 ишенимдүү адамы;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 20 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин 7 ишенимдүү адамы;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын 19 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:
-№22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.Т. Козукееваны каттады;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Буркановдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Э.М.Абдырахмановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№28 шайлоо округу боюнча талапкер Абдымамбетова Мунара Байсымаковнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Ш. Асаналиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.С.Осконбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Б.Бообеков КР БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында кайрылган.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү