Башкы Жаңылыктар КР БШКнын 2025-жылдын 5-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин …

КР БШКнын 2025-жылдын 5-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

05-Дек, 2025

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 5-декабры

Убактысы: 17:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

  1. № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б. Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сыйлыктары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(баяндамачы Сабирова Б.А., адам ресурстарын башкаруу секторунун эксперти)

  1. №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
    А.А. Шамаевдин өкүлүнүн арызы жөнүндө

(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

  1. “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н.М. Джумашовдун № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептѳѳнү жүргүзүү тууралуу арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

  1. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
    Э.М. Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызы жөнүндө

(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>