Башкы Жаңылыктар 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын …

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фонддору жөнүндө маалымат

01-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы жөнүндө маалымат берет.

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер, 9 талапкерди көрсөткөн Ынтымак саясий партиясы өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүштү.

Талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан жалпысынан Элдик Банк жана Айыл Банк ААКда 510 атайын эсеп ачылды.

Шайлоону өткөрүүнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында БШКда Финансылык ачык-айкындуулук автоматташтырылган системасы киргизилген, ал ыйгарым укуктуу банктык мекемелерден талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндөгү толук маалыматты Түндүк мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде алууга, аларды БШКнын расмий сайтындагы Талапкер / Шайлоо фонду барагында автоматтык түрдө көрсөтүүгө, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын финансылык отчёттуулугун түзүүгө мүмкүндүк берет.

2025-жылдын 29-ноябрына карата алынган банктык маалыматтарга ылайык талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшүүлөрдүн жалпы суммасы 1 млрд. 791 млн. сомду түздү, анын ичинде:

- талапкердин өз каражаттары1 млрд. 092 млн. сомду;

- саясий партиянын өз каражаттары – 3, 797 млн. сомду;

- жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар 659,063 млн. сомду;

    - юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 13,208 млн. сомду түздү.

Туура эмес түшкөн төлөмдөрдү кайтаруулар 22,079 млн. сомду түздү.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун каражаттарынан  1 млрд. 582 млн. сом сарпталган, анын ичинде:

- шайлоо төгүмүн төлөөгө 147, 080 млн. сом;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге кызмат көрсөтүүлөр үчүн (мамлекеттик менчикте жана муниципалдык менчикте турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага алуу, маданият мекемелеринин залдарын жана жайларын, ошондой эле жабдууларын, инвентарларын берүү, маалыматты жана мөөрдү берүү боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр ж.б. үчүн) – 11,875 млн. сом;

- ар кандай кызмат көрсөтүүлөр үчүн (анын ичинде командировкалык чыгымдар, байланыш кызматтары, товарларды, жабдууларды, күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуу, ижара боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык, консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр жана контракттар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, үгүтчүлөргө, штабдын кызматкерлерине ж.б. көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр) – 1 млрд. 134 млн. сом;

- үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (басмакананын кызмат көрсөтүүлөрү, маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда, социалдык тармактарда жайгаштыруу, SMM кызматтары, саясий жарнаманын таргети ж.б.) үчүн – 230,7 млн. сом (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн маалыматтык материалдарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн – 8,9 млн. сом (3,9%));

  - шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан аткарылган иштер / көрсөтүлгөн кызматтар үчүн башка чыгымдарды төлөөгө 42,380 млн. сом.

Туура эмес түшкөн төлөмдөрдү артка кайтаруулар 15,931 млн. сомду түздү.

Талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы 209,2 млн. сомду түздү.

Ар бир талапкердин шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын суммасы мыйзамдардын ченемдерине туура келет: жогорку чектен төмөн (башкача айтканда, 1 талапкерге 20 млн. сомдон ашпайт).

БШКнын депозиттик эсебине түшкөн шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147,080 млн сомду түздү, анын ичинде:

- 478 өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 300 000 сомдон (143,400 млн. сом);

-  I-II топтогу майыптыгы бар өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 50 000 сомдон (0,7 млн. сом);

-  III топтогу майыптыгы бар өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 70 000 сомдон (0,28 млн. сом);

- “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн 9 талапкерден 300 000 сомдон (2,700 млн. сом).

БШКга түшкөн шайлоо төгүмдөрү республикалык бюджетке которулууга тийиш.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартиби төмөнкүлөр менен жөнгө салынат:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо.

Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу.

Талапкердин шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

  1. талапкердин өз каражаттарынан – 10 млн. сомдун чегинде;
  2. саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн каражаттардан – 1 млн. сомдун чегинде;
  3. жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 500 миң сомдун чегинде;
  4. юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 500 миң сомдун чегинде.

Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 20 млн. сомдон ашпашы керек.

Саясий партиянын шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин өз каражаттарынан – 1,5 млн. сомдун чегинде;

2) саясий партиянын өз каражаттарынан – 100 млн. сомдун чегинде;

3) жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 200 миң сомдун чегинде;

4) юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 3 млн. сомдун чегинде.

Талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы ар бир талапкерге 20 млн. сомдон ашпашы керек.

Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди шайлоого көмөктөшүүчү иш-аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана финансылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу салымдарды (мыйзам менен тыюу салынган салымдарды кошпогондо) шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт.

Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, товарларды жана материалдарды сатып алуу боюнча уюштуруу-техникалык чараларды финансылык жактан камсыз кылууга гана пайдаланылышы мүмкүн, анын ичинде:

- шайлоо төгүмүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгүү;

- маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө, тартылган кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;

- жарнама-басма кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кулактандырууларды жана сүйлөнгөн сөздөрдү жарыялоо);

- жайларды, жабдууларды ижарага алуу;

- транспорттук жана командировкалык чыгымдарды жабуу;

- байланыш кызматтарын көрсөтүү;

- кеңсе товарларын, жабдууларды ж.б. сатып алуу.

Талапкер менен аткаруучунун ортосундагы жумуштарды аткаруу/кызматтарды көрсөтүү боюнча бардык эсептешүүлөр келишимдик негизде жана накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт.

Талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине 300 миң сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төгөт.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өзүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине ар бир талапкер үчүн 300 миң сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төгөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына майыптыгы бар адамдардан турган талапкерлер үчүн шайлоо төгүмү майыптыктын тобун эске алуу менен белгиленет:

- III топтогу майыптарга – 70 миң сом өлчөмүндө;

- I жана II топтордогу майыптарга – 50 миң сом өлчөмүндө.

Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.

Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>