Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК № 1 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08.12.2025

КР БШК № 1 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 1 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.  № 1 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%); - Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%) - Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%) № 1 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 90 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 175 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 58 316 шайлоочу, же 42,82% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 913шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 36,65% түздү. 8 403 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 6,17% түздү. № 1 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 17 талапкерди каттады, шайлоого 17 талапкер катышты. № 1 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 1 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1. Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%); 2. Жусупов Аширбай Бапович – 3 243 добуш (5,63%); 3. Токторов Бактыяр Абдинабиевич – 2 018 добуш (3,50%); 4. Айдарова Айгүл Абдисаламовна – 2 763 добуш (4,79%); 5. Каландаров Зарипбек Кабылбаевич – 843 добуш (1,46%); 6. Салимбеков Кенжебек Салимбекович – 1 056 добуш (1,83%); 7. Дуулатова Сайрагүл Садыковна – 412 добуш (0,71%); 8. Набиева Асель Бурхановна – 3 542 добуш (6,15%); 9. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%); 10. Ахмедов Канатбек Абдурашидович – 2 988 добуш (5,19%); 11. Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%); 12. Ураимов Алихан Ураимович – 1 557 добуш (2,70%); 13. Дыйканов Максатбек Дыйканович – 2 426 добуш (4,21%); 14. Темирбаева Миргул Омурзаковна – 3 185 добуш (5,53%); 15. Каразаков Жунусбек Абдирашитович – 625 добуш (1,08%); 16. Тагаев Мирлан Конурович – 2 219 добуш (3,85%); 17. Исаев Абдикасыт Абдулакимович – 5 643 добуш (9,79%); 18. “Баарына каршы” – 538 добуш (0,93%).   № 1 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 15 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШК № 1 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, Жороев Исманали Эгембердиевич жана Талиева Камила Абдыразаковна таанылды.
Кененирээк билүү >>
№19 шайлоо округундагы №7238 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арыз канааттандырылган жок
08.12.2025

№19 шайлоо округундагы №7238 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арыз канааттандырылган жок

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда №19 шайлоо округунан талапкер Р.Акимжанованын ыйгарым укуктуу өкүлү М. Абдибаитовдун арызын карады. Арыз ээси КР БШКга №19 шайлоо округунун №7238 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2025-жылдын 30-ноябрында №7238 участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө айрым шайлоочулар бюллетень белгилегенден кийин аны сүрөткө тартып, добуш берүүнүн жашыруундугу бузулган деп билдирет. Бул жагдай боюнча акт түзүлгөн. Арыз ээси бул факты шайлоонун жыйынтыгына таасир этерин белгилеп, аталган УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну суранган. Арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында КР Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө процессуалдык чечим кабыл алынган, анткени көрсөтүлгөн окуя боюнча өлкө мыйзамдарында каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. Ошондой эле, ОШК укук коргоо органдарынын материалдарын, УШКдан алынган актыларды, түшүндүрмөлөрдү жана добуш берүүнүн жүрүшү боюнча расмий байкоолорду карап чыгып, арызда келтирилген негиздер добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктук негиз түзбөйт деген тыянакка келген. 2025-жылдын 7-декабрында Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму М. Абдибаитовдун арызын карап чыгып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматынын негизинде, арызды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык  №19 шайлоо округундагы №7238 УШКда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө М.Абдибаитовдун арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 26 шайлоо округунан талапкерлер Э.Абакиров, Г.Бейшенбаева жана А.Исаевдин арыздарын канааттандыруудан баш тартты
08.12.2025

КР БШКсы № 26 шайлоо округунан талапкерлер Э.Абакиров, Г.Бейшенбаева жана А.Исаевдин арыздарын канааттандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 26 шайлоо округунан талапкерлер Эльдар Абакиров, Гулниза Бейшенбаева жана Акжол Исаевдин арыздарын карады. Алар КР БШКга № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №1 токтомуна ылайык №7028, №7029 жана №7030 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Арыз ээлери №26 шайлоо округунун чечимин кайра карап чыгууну жана алардын добуштарын тиешелүү участкаларда калыбына келтирүүнү өтүнүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар (шайлоочуларды сатып алуу) текшерүү материалдарында аты-жөнү көрсөтүлгөн конкреттүү талапкерге гана тиешелүү экенин белгилешүүдө. Арызда ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын маалыматы боюнча, бул талапкерге карата 2025-жылдын 30-октябрында кылмыш иши козголгону, ал эми буга чейин ага ушундай эле мыйзам бузуу үчүн расмий эскертүү берилгени белгиленген. Талапкерлер жоопкерчилик чаралары пропорционалдуулук жана тең салмактуулук принциптеринен улам добуш берүүгө катышкан башка адамдардын добуштарын жокко чыгарбастан, мыйзам бузууга жол берген адамга гана карата колдонулушу керек деп эсептешет. 2025-жылдын 8-декабрында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп, анда  КР Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын начальниги  У.Зикиралиевдин жана арыз ээлеринин пикирлери угулду. Натыйжада Жумушчу топ жогоруда аты аталган талапкерлердин арыздарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады. Анткени, шайлоо комиссиясынын чечими шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган жана компетенттүү органдар тарабынан аныкталган мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына негизделген, каралган жол-жоболорду сактоо менен кабыл алынган. КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлер Э. Абакировдун, Г. Бейшенбаеванын жана А. Исаевдин №26 шайлоо округунун №1 чечимине карата арыздарын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08.12.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 8-декабры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   № 26 көп мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Абакиров Эльдар Кубанычбековичтин,  Исаев Акжол Апсаматовичтин жана Бейшенбаева Гулниза Джумабековнанын арыздары жөнүндө (баяндамачы – Ш.Т. Кайыпов укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) № 19 көп мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Р. Акимжанованын ыйгарым укуктуу өкүлү Мелис Абдибаитовдун арызы жөнүндө  (баяндамачы – Ш.Т. Кайыпов укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп таанылган талапкерлердин эсине!
08.12.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп таанылган талапкерлердин эсине!

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин шайланды деп таанылган бул талапкерлерге эскертет. Шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт Эгерде шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана шайланды деп таанылган талапкерлерден өздөрүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.
Кененирээк билүү >>
БШК радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!
08.12.2025

БШК радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

Урматтуу радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм! Сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү кесибиңиздер аркылуу дүйнөдөгү жана өлкө аймагында жаңылыктарды ар бир кыргызстандыктын үйүнө жеткирүү менен бирге кубаныч, шаң, көңүл көтөргөн жагымдуу атмосфера тартуулап, коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгүнө айландыңыздар. Эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдеп, улуттук баалуулуктарды, адеп-ахлакты, адам укуктарын жана демократияны калк катмарына жайылтууда салымыңыздар чоң. Мамлекетибиздин бакубаттуулугу, элибиздин тынчтыгы жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектенип, көрөрмандар менен угармандардын сүймөнчүлүгүнө татып, аман жүрүңүздөр. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, көөнөрбөс энергия жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.   Терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы                                                                                                                Т.У. Шайназаров
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 22 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 22 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 22 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 22 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Бекешев Дастан Далабайевич – 17378 добуш 43,08 %; - Ибрагимов Болот Адылбекович – 8128 добуш 20,15 %; - Кожокулова Гуля Акматкуловна – 1214 добуш –3,01%; № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 2 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 136 100 шайлоочу киргизилген.  Добуш берүүгѳ 40 758 шайлоочу, же 26,00% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 35 386 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 26,00% түздү. 5372шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,95% түздү.  № 22 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты. № 22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы     № 22 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1.    Атанов Ирлан Азизович -247 добуш 0,61 %; 2.    Мусуралиев Туратбек Абдиларисович - 260 добуш 0,64 %; 3.    Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – 3704 добуш 9,18 %; 4.    Ибрагимов Болот Адылбекович – 8128 добуш 20,15 %; 5.    Узакова Аида Орозалиевна – 904 добуш 2,24 %; 6.    Бекешев Дастан Далабайевич – 17378 добуш 43,08 %; 7.    Каниметов Самат Каниметович – 265 добуш 0,66 %; 8.    Абдырахманов Кубанычбек Ишенкадырович –248 добуш – 0,61 %; 9.    Бахшалиев Хансывар Рустамович – 112 добуш – 0,28 %; 10.    Абсалиев Ахматали Садырбекович – 96 добуш – 0,24 %; 11.    Досалиев Эльмир Акуналыевич – 6071 добуш 15,05 %; 12.    Абдырахманов Сагынбек Уметалиевич – 257 добуш 0,64 %; 13.    Кожокулова Гуля Акматкуловна – 1214 добуш –3,01%; 14.    Осмонбетова Венера Кубанычбековна – 152 добуш – 0,38 %; 15.    Каттоосу жокко чыгарылган; 16.    Иманбек кызы Бактыгул – 305 добуш – 0,76 %;         17. “Баарына каршы” – 998 добуш (2,47%).   № 22 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түштү.  Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШКсы, № 22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 22 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Бекешев Дастан Далабайевич, Ибрагимов Болот Адылбекович жана Кожокулова Гуля Акматкуловна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 5 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 5 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 5 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Сулайманов Эльдар Нурланович – 18 789 (36,66%); - Исираилов Азамат Алмазбекович – 9 248 добуш (18,04%); - Ахмедова Айгуль Абдилхаевна – 5 225 добуш (10,19%). № 5 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 74 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 164 881 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 52 172 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 31,64% түздү. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 47 892 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 29,05% түздү. 4 280 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,60% түздү.  № 5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты. № 5 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы     № 5 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1. Баргибаева Жипаргул Мухтаровна – 286 добуш (0,56%); 2. Султанова Салима Эргешовна – 1 723 добуш (3,36%); 3. Исираилов Азамат Алмазбекович – 9 248 добуш (18,04 %); 4. Ахмедова Айгуль Абдилхаевна – 5 225 добуш (10,19 %); 5. Ормонова Жамал Аккозевна – 908 добуш (1,77%); 6. Камилова Дилбар Зулпуевна – 756 добуш (1,48%); 7. Маматалиева Багдадгул Меликозиевна – 1 780 добуш (3,47%); 8. Бердикулова Эльмира Маматеминовна – 559 добуш (1,09%); 9. Исаева Гүлназ Назарбаевна – 834 добуш (1,63%); 10. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна – 1 057 добуш (2,06%);  11. Сулайманов Эльдар Нурланович – 18 789 добуш (36,66%);  12. Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович – 3 678 добуш (7,18%);  13. Абдуллаев Азизбек Ашимжанович – 3 763 добуш (7,34%);  14. Мурзажигит кызы Зарема – 1 183 добуш (2,31%);  15. “Баарына каршы” – 1 463 добуш (2,85%).  № 5 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 2 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШКсы, № 5 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы  № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык, № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 5 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп  Сулайманов Эльдар Нурланович, Исираилов Азамат Алмазбекович жана Ахмедова Айгуль Абдилхаевна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 28 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 28 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, №28 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 28 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%); - Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%); - Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%). № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 108 шайлоо участогу участогу түзүлүп, шайлоочулардын тизмесине 160 044 шайлоочу киргизилген.  Добуш берүүгѳ 57 677 шайлоочу, же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,04% түздү.  Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү. 9 171  шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,73% түздү.  № 28 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 16 талапкер катышты. № 28 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 28 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:      Усенова Эльмира Валентиновна    – 3 015 добуш (5,28%); 2. Түлөбаев Балбак Зарлыкович – 4 297 добуш (7,53%); 3. Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%); 4. Абдымамбетова Мунара Байсымаковна – 728 добуш (1,28%); 5. Малиев Арсланбек Касымакунович – 1 766 добуш (3,09%); 6. Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%); 7. Онгоев Нурлан Асылбекович – 1 003 добуш (1,76%); 8. Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%); 9. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович – 5 279 добуш (9,25%); 10. Жолдошбеков Эралы Жолдошбекович – 220 добуш (0,39%); 11. Жунушалиева Мээрим Кубанычбековна – 1 383 добуш (2,42%); 12. Дороев  Азамат Кубанычбекович – 5 774 добуш (10,12%); 13. Ибраев Саматбек Кулукеевич – 1 640 добуш (2,87%); 14. Оморова Айнур Самыйбековна – 1 911 добуш (3,35%); 15. Асанакунова Жылдыз Жартыевна – 624 добуш (1,09%); 16. Кемелов Акыл Канатбекович – 978 добуш (1,71%); 17. «Баарына каршы» – 867 добуш (1,52%). № 28 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түшкөн. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШКсы, № 28 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 28 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Кокулов Эрулан Калчороевич, Сагынаев Болот Турусбекович жана Жунушбаева Рахат Мырзабековна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 24 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 24 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 24 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%; - Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;    - Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%; № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 4 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 134 994  шайлоочу киргизилген.  Добуш берүүгѳ 34 309 шайлоочу, же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 21,73% түздү. 4970 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,68% түздү.  № 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты. № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 24 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1.    Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;    2.    Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%; 3.    Исмаилов Арафат Сайдахматович – 5595 добуш 16,58%; 4.    Кульмамбетова Алтынай Болотовна –  325 добуш 0,96%; 5.    Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%; 6.    Исаева Майрамкуль Тургунбековна 324 добуш 0,96%; 7.    Ибраймакунов Данияр Омурбекович 486 добуш 1,44%; 8.    Молдалиева Шарийпа Токтоматовна 1757 добуш 5,21%; 9.    Орозбаев Мирлан Кубатбекович 288 добуш 0,85% ; 10.    Шарапова Жибек Закировна 683 добуш 2,02%%; 11.    Кайыпов Эржан Сулайманович 305 добуш 0,90%; 12.    Токторбаева Кыял Айтбековна 1102 добуш 3,26%; 13.    Эргешов Казыбек Кочкорович 3434 добуш 10,17%; 14.    Каттоосу жокко чыгарылган;  15.    Баарына каршы 2432 добуш 7,20%. № 24 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түштү жана округдук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШКсы, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 24 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Салымбеков Жумабек Мамытбаевич, Карыбек Уулу Улукбек жана Акимбаева Гульнара Орозбековна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 10 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 10 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 10 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 10 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%);  - Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (2,49%); - Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%). Шайлоону уюштуруу үчүн № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 106 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 685 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 63 137 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 46,19% түздү. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 275 шайлоочу добуш берди, шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмедерине киргизилгендердин 38,24% түздү. 10 862 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,95% түздү.  № 10 шайлоо округу боюнча шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоодо 16 талапкер катышты. № 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 10 шайлоо округу боюнча шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1. Кадырбек кызы Нуркыз – 3 202 добуш (5,12%); 2. Эсенбай уулу Талантбек – 2 976 добуш (4,76%); 3. Шалтакова Гулбу Чаловна – 789 добуш (1,26%); 4. Ормонов Улугбек Зулпукарович – 6 735 (10,78%); 5. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (12,22%); 6. Касымова Нурзида Абабакировна – 403 добуш (0,64%); 7. Аттокуров Азрет Али Акылбекович – 4 288 добуш (6,86%); 8. Дыйканбаев Болотбек Жусупович – 4 911 добуш (7,86%); 9. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна – 1 582 добуш (2,53%); 10. Саматов Жыргалбек Алимбаевич – 1 188 добуш (1,90%); 11. Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевич – 1 093 добуш (1,75%); 12. Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%); 13. Карашев Аалы Азимович – 3 663 добуш (5,86%); 14. Бакиров Артур Жылдызбекович – 628 добуш (1,00%); 15. Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%); 16. Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович – 4 930 добуш (7,89%); 17. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 284 добуш (0,45%). № 10 шайлоо округу шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 13 арыз жана даттануу келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШКсы № 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы  № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп  Зулушев Курманкул Токторалыевич, Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич жана Баатырова Гүлнара Маришовна таанылды.
Кененирээк билүү >>
Талапкер Э.Сулаймановдун үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу кайрылган жарандын арызы  далилдер менен тастыкталган жок
07.12.2025

Талапкер Э.Сулаймановдун үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу кайрылган жарандын арызы далилдер менен тастыкталган жок

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 5 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльдар Сулаймановдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу жаран Дилмурат Рахмановдун арызын карады.   КР БШКга арыз менен кайрылган Д.Рахманов 2025-жылдын 29 ноябрынан 30-ноябрдын саат 02.30га чейин Ош шаарында Достук чек ара постунан баштап Курманжан датка көчөсүнүн боюнда жайгашкан ЛЭД-экрандарда талапкер Э. Сулаймановдун үгүт роликтери көрсөтүлгөн деп билдирген. Арыз ээси бул "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузган деп эсептейт.  Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-декабрындагы жыйынына арыз ээси Д.Рахманов чакырылып, анын пикири угулду. Арыз ээси келтирилген жүйөлөрдү кайталады, бирок ал айткан жагдайды объективдүү тастыктаган документтерди жана башка далилдерди берген жок. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-беренесине ылайык, арыздар (даттануулар) негизделген жана алар негизделген далилдер менен бирге берилиши керек. Жумушчу топ жаран Д.Рахмановдун арызын изилдеп, арызда көрсөтүлгөн жагдайлар болжолдуу, баа берүүчү жана тастыкталбаган мүнөздө деп эсептейт, ошондуктан алар далилдөөчү база катары колдонулушу мүмкүн эмес.   КР БШКсы, жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык жаран Д.Рахмановдун  арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 2 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 2 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 2 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди. № 2 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Атажанов Ырысбек Ысламович – 13 794 добуш (23,59%); - Калпаев Бактыяр Алиевич – 6 981 добуш (11,94%); - Аманова Бурун Кушбековна – 5 078 добуш (8,69%). № 2 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 144 594 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 59 172 шайлоочу, же 40,94% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 797 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,53% түздү. 6375 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,41% түздү. № 2 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты. № 2 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 2 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1. Ахматова Сюита Камалидиновна – 3 484 добуш (5,96%); 2. Ганыев Каныбек Токтоматович – 4 299 добуш (7,35%); 3. Садыков Абдисатар Сайталыевич – 4 547 добуш (7,78%); 4. Аманова Бурун Кушбековна – 5 078 добуш (8,69%); 5. Калпаев Бактыяр Алиевич – 6 981 добуш (11,94%); 6. Султанбекова Чолпон Аалыевна – 3 052 добуш (5,22%); 7. Абдипатта уулу Жумабек – 3 770 добуш (6,45%); 8. Абдуллаева Райхан – 334 добуш (0,57%); 9. Сайдимаров Чындыкбек Сейдакматович – 1 245 добуш (2,13%); 10. Атажанов Ырысбек Ысламович – 13 794 добуш (23,59%); 11. Аскарова Элмира Исраиловна – 1 202 добуш (2,06%); 12. Төлөмүшов Бегали Пирмаматович – 4 391 добуш (7,51%); 13. Абсаттаров Азамат Асаттулаевич – 2 302 добуш (3,94%); 14. Надирбеков Айтбай Эргешович – 3 466 добуш (5,93%); 15. “Баарына каршы” – 520 добуш (0,89%). № 2 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 19 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШК № 2 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Атажанов Ырысбек Ысламович, Калпаев Бактыяр Алиевич жана Аманова Бурун Кушбековна таанылды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 27 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 27 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.  № 27 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%); - Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%); - Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%). № 27 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 710 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,1% түздү. 7 604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү.  № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 24 талапкерди каттады, шайлоого 24 талапкер катышты. № 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 27 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1.    Алымбеков Искендер Кенешбекович – 3 205 добуш (5,27%); 2.    Дубанбаева Анар Сартбаевна – 203 добуш (0,33%); 3.    Намазова Бурул Тилековна – 926 добуш (1,52%); 4.    Качкынов Самат Турганбекович – 1 232 добуш (2,03%); 5.    Султанов Каныбек Султанович – 4 510 добуш (7,42%); 6.    Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%); 7.    Шабданбаев Канат Кенешович – 2 905 добуш (4,78%); 8.    Сураналиев Талгат Чыныбекович – 1 321 добуш (2,17%); 9.    Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%); 10.    Асамудинов Бактыбек Асанович – 270 добуш (0,44%); 11.    Атаев Акжол Сабырбекович – 1 247 добуш (2,05%); 12.    Таалайбеков Тагир Таалайбекович – 1 180 добуш (1,94%); 13.    Исаматова Айзат Тыныбековна – 1 757 добуш (2,89%); 14.    Джаилов Таалайбек Карыпович – 2 285 добуш (3,76%); 15.    Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%); 16.    Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна – 1 004 добуш (1,65%); 17.    Асанкулова Алтынай Джолучуевна – 3 000 добуш (4,94%); 18.    Озбекова Женишгул Авазовна – 1 926 добуш (3,17%); 19.    Мерканов Адилет Асанович – 668 добуш (1,10%); 20.    Супатаева Альфира Илиясовна – 1 319 добуш (2,17%); 21.    Деркимбаева Асель Урусовна – 1 837 добуш (3,02%); 22.    Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна – 648 добуш (1,07%); 23.    Асакеев Ринат Сапарбекович – 1 161 добуш (1,91%); 24.    Алымбаева Эльнура Сталиковна – 2 288 добуш (3,77%); 25.    “Баарына каршы” позициясына – 1 281 добуш (2,11%). Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  арыз (даттануу) келип түшкөн жок. КР БШК № 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, Муратбеков Табылды Муратбекович жана Молдобекова Гулкан Сакиновна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 15 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 15 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 15 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%); - Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%); - Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%). № 15 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 104 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 160 200  шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 68 228 шайлоочу, же  42,59% катышты.      Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 59 691 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 37,26% түздү. 8 537  шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,33% түздү.  № 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 15 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты. № 15 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:     1. Керимбаев Мураталы Топчубаевич – 3 693 добуш (5,47%); 2. Умаров Адыл Умарович – 2 491 добуш (3,69%); 3. Эшбаева Миргүл Алманбетовна – 1 405 добуш (2,08%); 4. Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%); 5. Абдибаева Салтанат Нышановна – 551 добуш (0,82%); 6. Эрбаев Алишер Ташбаевич – 8 179 добуш (12,12%); 7. Туманбаева Рада Мураталыевна – 2 494 добуш (3,70%); 8. Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевич – 2 692 добуш (3,99%); 9. Мырзаев Мирлан Жумадилович – 259 добуш (0,38%); 10. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%); 11. Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%); 12. Өнөрбаева Рахия Райымбековна – 1 434 добуш (2,12%); 13. Нариманов Тургунбек Нариманович – 4 770 добуш (7,07%); 14. Нышанов Джайлообай Данибаевич – 5 865 добуш (8,69%); 15. Кулбаева Зулайка Эшматовна – 1 291 добуш (1,91%); 16. “Баарына каршы”  – 537 добуш (0,80%). № 15 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  жалпы 7 арыз (даттануу) келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди. КР БШКсы № 15 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Тургунбек уулу Нурланбек, Турсунбаев Азизбек Атакозуевич жана Абдибаева Айсаракан Нышановна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 20 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07.12.2025

КР БШК № 20 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.      № 20 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%); - Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%); - Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%). № 20 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 64 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 180 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 31 602 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 24,65% түздү. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 27 357 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 21,33% түздү. 4 245 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,31% түздү.  № 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 18 талапкерди каттады, 1 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты. № 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы     № 20 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты: 1. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);  2. Курманбекова Бермет Курманбековна – 983 добуш (3,16%); 3. Байтемирова Гуляим Кудайбердиевна – 442 добуш (1,42%); 4. Алымбеков Максат Джумакадырович – 2 867 добуш (9,23%); 5. Мухидинов Оятулло Нуралиевич – 1 102 добуш (3,55%); 6. Ташибекова Гульнара Адыловна – 840 добуш (2,70%); 7. Алыбаева Жаңыл Ишенбековна – 564 добуш (1,82%); 8. Намазалиев Алтынбек Абдисаламович – 1 790 добуш (5,76%); 9.Кермалиев Таалайбек Женишович – 1 727 добуш (5,56%); 10.    Болгонбаев Азамат Таалайбекович – 1 236 добуш (3,98%); 11.    Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%); 12.    Асекова Гулмира Асанкуловна – 810 добуш (2,61%); 13.    Ибраимова Малика Багдатовна – 530 добуш (1,71%); 14.    Разиков Аброр Джононович – 800 добуш (2,58%); 15.    Абдыгулова Асель Мисировна – 523 добуш (1,68%); 16.    Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%); 17.    Ташматов Сапар Планович – 974 добуш (3,14%); 18.    “Баарына каршы” – 1 779 добуш (5,73%).     Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 20 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 9 билдирүү келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. КР БШК № 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп  Айтиев Темирлан Тынычбекович, Атамбаев Сеидбек Алмазбекович жана Ашымбаева Токтобүбү Абасовна таанылды.
Кененирээк билүү >>
1 19 21 481