Башкы Жаңылыктар КР БШКда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чаралар …

КР БШКда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү

05-Фев, 2026

Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) тарабынан уюштурулуп, жаштар арасында жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга, шайлоо маданиятын калыптандырууга жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталды.

Иш-чарага «Тенсай» мектебинин 21 окуучусу жана Кыргыз-Орус Славян университетинин «Саясат таануу» багыты боюнча билим алган 13 студенти катышты.

Иш-чаранын алкагында КР БШКнын Төрагасы Тынчтык Шайназаров катышуучуларга Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата аралыктан куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө бул күн мыйзамдын үстөмдүгү, жарандардын эркин жана аң-сезимдүү добуш берүү укугу, ошондой эле мамлекеттик институттардын коом алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу жалпы демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү Кыргыз Республикасы үчүн шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди талдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берерин белгилеп өттү.

Ошондой эле шайлоолордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, жарандык билим берүүнү жана медиасабаттуулукту өнүктүрүү, жалган маалыматтарга каршы туруу маселелерине, ошондой эле демократиялык процесстерди өнүктүрүүдөгү жаштардын маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

ЖБББнын ишмердүүлүгү жарандардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана шайлоолорго аң-сезимдүү катышуусун жогорулатууга багытталганы өзгөчө белгиленди.

Катышуучуларды куттуктоо сөзү менен КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева да кайрылып, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнүн маанисин, жаштардын демократиялык процесстердеги ролун жана шайлоолорго аң-сезимдүү катышуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында баяндамалар жана презентациялар менен төмөнкү баяндамачылар сөз сүйлөштү:

Анара Бейшембаева, ЖБББнын директору;

Чолпон Бапиева, ЖБББнын эксперти;

Аскар Акимбаев, КР БШКнын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы.

Катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасы, шайлоо процессинин негизги этаптары, ошондой эле шайлоолорду уюштурууда жана өткөрүүдө колдонулган санариптик технологиялар тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл шайлоо процессин санариптештирүү, шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине бурулду.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктары жана «Улуттук рух - дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгужол) Улуттук Доктринасынын жоболору каралып, алар жарандардын активдүү жарандык позициясын, жоопкерчилигин жана өлкөнүн келечегине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталганы белгиленди.

Алынган билимдерди бекемдөө максатында интерактивдүү оюн-викторина өткөрүлүп, анда катышуучулар шайлоо процесси боюнча өз билимдерин оюн форматында текшерип, талкууланган темаларга болгон жогорку кызыгуусун көрсөтүштү.

Ошондой эле катышуучуларга КР БШКсы тарабынан жарыяланган «Эмне үчүн мен добуш берем / добуш бермекчимин?» аттуу конкурсу тууралуу маалымат берилип, ал жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатууга, активдүү жарандык позициясын калыптандырууга жана шайлоолорго аң-сезимдүү катышуусун арттырууга багытталганы белгиленди.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган мындай иш-чаралар шайлоо маданиятын өнүктүрүүгө, жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>