«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
10-Фев, 2021
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү
10-Фев, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды
05-Фев, 2021
Борбордук шайлоо комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн белгиледи
04-Фев, 2021
КР БШК бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилөөдө
28-Янв, 2021
Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурациясы болуп өттү
25-Янв, 2021
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыктары
11-Янв, 2021
Эл аралык байкоочулардын баасы
11-Янв, 2021
Эл аралык байкоочулар шайлоону баа БЕРҮҮДӨ
11-Янв, 2021
Чет өлкөдөгү мекендештер добуш берди
11-Янв, 2021