«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
03-Мар, 2021
Ар бир жергиликтүү кенеште 30% орун аялдарга берилет
03-Мар, 2021
Калкты биометрикалык каттоо максатында 11 мобилдүү автобус аймактарга жөнөп кетишти
03-Мар, 2021
Жергиликтүү шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания өткөрүлүп жатат
25-Фев, 2021
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо:27- мартка чейин өзүнүздү тизмеден тактасаңыз болот
25-Фев, 2021
КР жергиликтүү кеңештеринде депутаттарды шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларына илинди
12-Фев, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-практикалык иш-чаралар
12-Фев, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү
10-Фев, 2021
БШКда эл аралык уюмдар менен жолугушуу болуп өттү
10-Фев, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды
10-Фев, 2021