«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
04-Ноя, 2026
КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2027-жылдагы шайлоого даярдык тууралуу
02-Ноя, 2026
Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз
02-Ноя, 2026
Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз
31-Окт, 2026
Шайлоо жана аны өткөрүү тартиптери
29-Окт, 2026
БШК мүчөсү Тимур Оторбаев: Кыргыз жараны кайсыл гана тилкеде болбосун добуш бере алат
28-Окт, 2026
Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз!
28-Окт, 2026
Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз!
23-Окт, 2026
Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат
23-Окт, 2026
Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат
21-Окт, 2026