«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
11-Янв, 2021
КР БШКнын пресс-борборунун иши
11-Янв, 2021
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
11-Янв, 2021
Санитардык стандарттарга шайкештик
11-Янв, 2021
Москвадагы шайлоо участкаларынын иши
11-Янв, 2021
Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасы боюнча референдумга добуш берүү жүрүп жатат
11-Янв, 2021
Бүгүнкү күндө ЫЧКТ КР БШКга 61 арыз келип түшкөн
11-Янв, 2021
Шайлоочулардын жалпы саны - 3 563 574 Кыргыз Республикасынын жарандары
11-Янв, 2021
Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого жана референдумга добуш берүү башталды
10-Янв, 2021
Шайлоонун жүрүшү жөнүндө координациялык топтун маалыматы
08-Янв, 2021