«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
20-Авг, 2021
БШК жарандардан иш жүзүндө жашаган дареги менен паспорттогу дарегин шайкеш келтирүүнү өтүнөт
18-Авг, 2021
Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр
18-Авг, 2021
"Мобилдик топтор" жөнүндө маалымат
17-Авг, 2021
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө
17-Авг, 2021
БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө
11-Июл, 2021
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү процесси. 11.07.2021
11-Июл, 2021
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кеңештерге депутаттарды кайталап шайлоо башталды
11-Июл, 2021
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо жөнүндө маалымат
11-Июл, 2021
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо жөнүндө маалымат
11-Июл, 2021