«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
27-Авг, 2021
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмеси
26-Авг, 2021
КР ЖК депутаттарын шайлоо, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аралаш тутум боюнча өтөт
26-Авг, 2021
КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо
26-Авг, 2021
Алдыдагы КР ЖК депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөт
26-Авг, 2021
Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт
26-Авг, 2021
Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР ЖК депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөт
25-Авг, 2021
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо
25-Авг, 2021
Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөөрүн БШК эске салат
20-Авг, 2021
Ведомстволор аралык жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө киришти
20-Авг, 2021