Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы түзүлдү
11.03.2025

Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түздү. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 10-мартындагы чечимине ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдоруна, жергиликтүү кеңештердин токтомдоруна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде турган төмөнкү адамдардан түзүлдү.   Бишкек шаары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү   № Фамилиясы Аты Атасынын аты Ким тарабынан көрсөтүлдү   Мадышанова Минара Харкиевна “Ынтымак” саясий партиясы   Нусубалиев Улукбек Асылбекович “Чон Казат Кыргызстан” саясий партиясы   Турапова Жылдыз Джусупековна “Ишеним” саясий партиясы   Манапбаев Чолпонбек Изатович “Ордо” саясий партиясы   Ибрагимов Жайнак Усенович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Конуров Бахадыр Арунович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Орозалиев Джумалы Бейшекеевич жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Исакова Асель Кавакбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Канатов Мекен Капарович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Орозалиев Кылыч Жанарбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Исмаилов Бексултан Бакытбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Шакирова Айзада Эркинбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Талас облусу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү   № Фамилиясы Аты Атасынын аты Ким тарабынан көрсөтүлдү   Ташыбеков Самарбек Рахманкулович “Замандаш” саясий партиясы   Молдокулов Абай Жолонович “Ынтымак” саясий партиясы   Кутманалиева Умут Алмазбековна “Эл Умуту” саясий партиясы   Сапаралиев Бакыт Асылбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Кыдыралиева Нүргүл Төлөгөновна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Кадырбаева Күлнур Тажибаевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Жуманалиев Татыбек Анарбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Сарылканова Татыбүбү Ормошбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Рысбекова Аяна Мамбеткеримовна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Анарбекова Толгонай Искендеровна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Саламат кызы Нуриза жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Өзүбекова Надира Молдобековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 10 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.03.2025

КР БШКнын 2025-жылы 10 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 10 март 2025 ж Убактысы: 15.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Лейлек, Кочкор, Токмок, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Т.О. Айтикеев шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө. (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен бекитилген Жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий онлайн жолугушуу өткөрдү
06.03.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий онлайн жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкийдин онлайн жолугушуусу өттү. Жолугушуу учурунда КМШ ПАА ДӨМЭАИнин Бишкек филиалынын 2024-жылдагы иши боюнча жыйынтыктар чыгарылды. Институттун Бишкек филиалдын директору Нурбек Сатыбалдиев өз баяндамасында аналитикалык, илимий, методикалык, окутуучу-консультативдик ишмердүүлүк, шайлоолорду жана референдумдарды мониторинг жүргүзүү, ошондой эле эл аралык жана өнөктөш уюмдар менен кызматташуу тууралуу сөз кылды. Тынчтык Шайназаров КМШ ПАА ДӨМЭАИнин  Бишкек филиалынын ишин баалап, эл аралык байкоочуларды уюштуруунун, илимий жана методикалык ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн, ошондой эле басма сөз ишмердүүлүгүнө кошкон чоң салымын белгиледи. Дмитрий Кобицкий болсо Бишкек филиалынын ишмердүүлүгүн эффективдүү деп баалап, анын республикалык жана эл аралык иш-чаралардагы активдүү катышуусун жана ийгиликтүү кызматташтыгын белгиледи. Жыйын соңунда, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык катышуучуларга өз ара кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы тараптан кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө максималдуу күч-аракет жумшалаарына ишеними жогору экенин билдирди.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан өкүлдөрү Тажикстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда
02.03.2025

Кыргызстан өкүлдөрү Тажикстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

2025-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, БШКнын мүчөсү Анар Дубанбаева, БШКынын аппаратынын кызматкерлери КМШ жана ШКУ байкоочулар миссияларынын курамында, Тажикстан Республикасынын Мажлисинин Оли Мажлисинин шайлоосуна катышууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары эл аралык байкоочулар миссияларынын курамына киришти: Бактыбек Марипов - КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы (МПА СНГ). Нилуфар Алимжанова - ЖККУ Парламенттик ассамблеясы (ПА ОДКБ). Кыргыз Республикасынын БШКнын делегациясы Тажикстан Республикасынын БШКнын төрагасы Худоёрзода Бахтиёр Тавар менен жолугушту. Жолугушууда Тажикстан Республикасынын БШКнын төрагасы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын иши, жаштардын шайлоого активдүү катышуусу жана шайлоочуларды маалымат менен камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Тажикстан Мажлисинин шайлоосунда жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилеп, шайлоо кампаниясынын ийгиликтүү өтүшүн каалады. Байкоочулар бир катар шайлоо участокторуна барышты. Делегация мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жергиликтүү байкоочулар менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Шайлоочулардын тизмесине 5 миллион 522 миң 88 адам киргизилген. Тажикстан боюнча 41 округдук жана 3549 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн, анын ичинде 28 мамлекеттеги Тажикстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө 36 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоого мониторинг жүргүзүүгө 229 эл аралык байкоочу аккредитацияланган. Маалымат үчүн: 2024-жылдын 4-декабрында Тажикстан Республикасынын Президенти Мажлиси Оли Мажлиси депутаттарын шайлоону 2025-жылдын 2-мартына белгилеген. Мажлиси Оли Мажлиси курамында 63 депутат бар, алардын ичинде: - 22 пропорционалдык система боюнча, - 41 бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Депутаттык мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө шайлоочулардын жалпы добушунун 5%дан кем эмес добушун алган партияларга гана жол берилет. Пропорционалдык система боюнча төмөнкү партиялар талапкерлерин көрсөтүшкөн: -Тажикстан Агрардык партиясы – 13 талапкер, -Тажикстан Экономикалык реформалар партиясы – 13 талапкер, -Тажикстан Социалисттик партиясы – 6 талапкер, -Тажикстан Демократиялык партиясы – 4 талапкер, -Тажикстан Элдик-демократиялык партиясы – 28 талапкер, -Тажикстан Коммунисттик партиясы – 6 талапкер. Бир мандаттуу шайлоо округдарында 152 талапкер катталган, алардын 81 өз алдынча талапкерлигин көрсөткөн.    
Кененирээк билүү >>
Көңүл бургула! Алдамчылар БШКнын жетекчилигинин атынан WhatsApp мессенджерлери аркылуу фейк билдирүүлөрдү жиберип жатышат
28.02.2025

Көңүл бургула! Алдамчылар БШКнын жетекчилигинин атынан WhatsApp мессенджерлери аркылуу фейк билдирүүлөрдү жиберип жатышат

WhatsApp мессенджеринде жаман ниеттүү адамдар (мошенниктер) өздөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы, орун басарлары же мүчөлөрү катары тааныштырууда. Алар БШКнын жетекчилиги катары, өткөн шайлоолор боюнча ар кандай маалыматтарды таратышууда. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер! Шектүү шилтемелерди баспаңыз жана жеке маалыматтарды бербеңиздер! КР БШКнын жетекчилиги мындай билдирүүлөр үчүн мессенджерлерди колдонбойт. Эгерде, сизде күмөн туудурган маалымат болсо, расмий органга байланышып текшериңиздер! Сак болуңуздар жана жеке маалыматтарды башкаларга бербеңиздер!
Кененирээк билүү >>
Аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын алгачкы жыйындары өтүүдө
27.02.2025

Аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын алгачкы жыйындары өтүүдө

2025-жылдын 21-февралы күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 52 аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти. Кыргыз Республикасынын «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйынында комиссиянын төрагасы жана катчысы шайланат. 2025-жылдын 26-февралынан тартып аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын биринчи жыйындары өтүп жатат. Аларга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары — Н.Ч.Койчукеев (Жалал-Абад облусу) жана А.С.Жупуева (Чүй облусу), ошондой эле БШКнын мүчөлөрү: И.Т.Гайпкулов  (Чүй облусу), Г.О.Култаева (Талас облусу), М.А.Абдалиев (Баткен облусу), А.Г.Бекматов (Ош облусу), А.Н.Кубатбеков (Нарын облусу) жана А.С.Дубанбаева (Ысык-Көл облусу) катышууда. Мындан тышкары, жыйындарга райондук мамлекеттик администрациянын жана шаардык мэриялардын өкүлдөрү, БШКнын атайын өкүлдөрү жана БШКнын аппарат кызматкерлери катышууда. Жыйындардын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын нормаларын түшүндүрүп, АШКнын резервдерин жана курамын түзүү жөнүндө БШКнын токтому менен тааныштырышат, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө, шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын иштеп чыгууга байланышкан маселелерди талкуулоону уюштурушат. Мындан сырткары, жыйындардын алкагында БШКнын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр жана жаңы шайланган аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсү боюнча, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү процессинде туруктуу кызматташтык маселелерин талкуулашат. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчыларынын тизмеси (жаңыртылып турат).
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча делегациясы менен жолугушту
26.02.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча делегациясы менен жолугушту

26-февралда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Прламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация менен жолугушту. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстанда жүргүзүлгөн шайлоо реформалары тууралуу кенен баяндама жасады. Ал 2015-жылга чейин Кыргызстанда шайлоо кандай өткөрүлгөнүн, анын ичинде шайлоо бюллетендерин даярдоо, жеткирүү жана коргоо процесстери тууралуу кеңири айтып берип, 2015-жылдан тартып шайлоо системасында 5 негизги компонентти камтыган шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулар колдонула баштагандыгына токтолду. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда, мурунку 5 компонентти алмаштырган жаңы жабдуулар — бирдиктүү идентификатор колдонулган. Бул - шайлоо процессинин ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түздү жана аталган жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Евро Парламенттин депутаттарын жана Европа өлкөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Кыргызстанга келип, шайлоо процесстеринде заманбап технологияларды колдонуу боюнча өлкөнүн жетишкендиктери менен таанышууга чакырды. Төрага Т.Шайназаров, айрым өлкөлөрдө азыркыга чейин почта аркылуу добуш берүү колдонулуп жатканын жана бул шайлоо процесстерин бурмалоо, ачык-айкындуулугу  жана ишенимдүүлүгү боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Аны менен бирге Кыргызстан олуттуу реформаларды башынан өткөргөнүн баса белгилеп: эгер мурун өлкөдө шайлоо процессинде бюллетендерди таштоо, «карусель» жана башка айла-амалдар менен коштолсо, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин колдоосу жана заманбап технологияларды киргизүүнүн аркасында шайлоолор «Бир шайлоочу — бир добуш» принциби менен өтүп жатканын айтты. Өз кезегинде Евро Парламенттин депутаты Игнасио Санчес Амор шаардык кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон  Т.Султанбековдун жана башка партиянын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселе көтөрүп, ага БШК төрагасы Т.Шайназаров шайлоо учурунда БШК мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү менен иш алып барганын белгиледи. Ага ылайык, укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча шайлоочуларды массалык түрдө пара менен сатып алуу, каржылык тартипти бузуу, шайлоо фондусунан тышкары каражат менен каржылоонун фактылары аныкталган. Мындан тышкары, партиялык тизмеде биринчи ондука кирүү үчүн акча алуу фактылары да табылган. Жолугушуунун аягында, төрага Тынчтык Шайназаров Европа Парламенттин делегациясына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү
25.02.2025

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молунов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Виталий Семашко, КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев, КР БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов жана КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуу учурунда КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров маанилүү иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Беларусиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлде экендигин белгиледи. Өз кезегинде элчи С. Молунов Т. Шайназаровду КР БШКнын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, шайлоо системасын жакшыртуудагы ишине ийгиликтерди каалап, Беларусиянын БШКсынын төрагасы И. Карпенконун кайрылуусун тапшырды. Жолугшуу жүрүшүндө, көп жылдан бери эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү өз ара активдүү кызматташып, шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоочулар катары катышып, тажрыйба алмашууга жана демократиялык процесстердин бекемдөөсүнө өбөлгө түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. КР БШКнын төрагасы беларус тарапка 2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоодо байкоочу болуп катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага Тынчтык Шайназаров Кыргызстан Беларусия мамлекети менен шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, демократиялык реформалар жана шайлоо процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы улантууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун аягында, БШКнын төрагасы Т. Шайназаров элчи С.Молуновго жаңы кызмат ордуна ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүү үчүн БШК өзүнүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экенин билдирди.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу Мекен коргоочулар!
23.02.2025

Урматтуу Мекен коргоочулар!

Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жалпы жамааты, Сиздерди 23-февраль Ата - Мекенди коргоочулардын күнү майрамыңыздар менен чын дилден  куттуктайт! Эзелтен элибиз, Мекенибизди коргоону ыйык милдет катары сезип, жигиттерибизди Мекендин таянычы жана тиреги катары көрүшкөн. Мына ошол ыйык милдетти жогорку ыклас жана ак ниеттүүлүк менен аткарып келгендиги аркасында,  Мекенибиздин бүтүндүгү сакталып, эгемендикке жетип, өнүгүүнүн жолунда турмуш улап келебиз. Элибиздин ишеничи, таянычы  болуу ыйык милдетиңиздерди мындан ары да ар намыс менен бийик аткарып,  өлкөбүздүн туруктуу  өнүгүүсү үчүн кызмат кыла беришиңиздерге тилектешпиз.  Сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз! КР БШКнын жалпы жамааты  
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүүнү аяктады
21.02.2025

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүүнү аяктады

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 52 аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин бекитти. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамын түзүү тууралуу билдирүү жарыяланган. Кошумчалай кетсек, билдирүү өлкөдөгү 70тен ашык саясий партияларга жөнөтүлгөн. Натыйжада, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервдерине 1234 документ келип түштү. Анын 166сы 36 саясий партиялар тарабынан, ал эми 1068и жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген. Ар бир талапкер боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык байланыш системасы аркылуу «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобого ылайык соттуулугуна текшерүү жүргүзүлдү. Тапшырылган талапкерлердин маалыматтары, ошондой эле терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдардын тизмесинде бар/жок экендиги текшерилди. Тиркеме 5  
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Т.Шайназаров ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү
21.02.2025

КР БШК төрагасы Т.Шайназаров ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров  жалпы ЖМК өкүлдөрү менен "КР БШКнын алдыда алып бара турган реформалык кадамдары жана максаттары" деген темада пресс-конференция уюштурду. Пресс-конференция суроо-жооп форматында өтүп, журналисттер төрагага кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты. БШКнын төрагасы журналисттерди шайлоо системасындагы учурдагы өзгөртүүлөр, ошондой эле жакын арада ишке ашырылуучу пландар жана чаралар тууралуу маалымат менен камсыз кылды. Шайлоо мыйзамдарын реформалоо иштери шайлоо процессинин ачыктыгын, элдин ишеничин жана жарандардын катышуусун жогорулатууга багытталган. "Электрондук добуш берүү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо пилоттук режимде киргизилген. 18 өлкөдөн келген кыргызстандыктар электрондук түрдө добуш беришти. Шайлоого катышуу 82%ды түздү. Көпчүлүк адамдар мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүү талабын айтышууда. Бирок, айрым тобокелчиликтер бар, талкуулар жүрүүдө. Кайда болбосун, кыргызстандыктар добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз алар үчүн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз," - деди БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров. "КР БШКнын жакынкы келечектеги негизги максаттарынын бири – шайлоо процессин заманбап талаптарга ылайык кайра кароо. Бул, өз кезегинде, жаңы технологиялар жана инновацияларды киргизүүнү, жарандык активдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле шайлоонун адилеттүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүнү камтыйт," – деп белгиледи төрага. Пресс-конференциянын аягында БШКнын төрагасы журналисттерди келечектеги реформаларга активдүү катышууга чакырды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 21 февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
21.02.2025

КР БШКнын 2025-жылы 21 февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-ж. 21-февралы Убактысы: 16.30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай, Түп жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө. (баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу болуп өттү
20.02.2025

КР БШКнын төрагасы менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 19-февралы күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.У.Шайназаров ЕККУнун (Европалык коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму) Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын юридикалык кеңешчиси Эльжбета Кузборска, ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы долбоорлорду координациялоочу ассистенти Гульжан Ермекбаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гайпкулов жана БШКнын аппарат кызматкерлери катышты. Жолугушуу учурунда БШКнын төрагасы шайлоо мыйзамын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.          Өз кезегинде Петер Надерер ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын ишмердүүлүгү, анын артыкчылыктуу багыттары жана этникалык чыңалууларды алдын алуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча кызматташтык тууралуу айтып берди. Жолугушуу соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашты.                         Маалымат үчүн:          Кыргыз Республикасынын Конституциясында улутуна жана башка таандыктарга карабастан өлкөнүн бардык жарандары үчүн бирдей шайлоо укугу принциби каралган. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо мыйзамында пропорционалдык система боюнча талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партиялар 15% га жакын этникалык түрдүүлүгү бар талапкерлерди эске алууга милдеттүү, алардан кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар курамында этникалык топтордун өкүлдөрү 95,45% - кыргыздар, 4,55% - башка улуттар түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын составында 89,10% - кыргыздар, 10,9% - башка улуттардан. Ар кандай улуттардын өкүлдөрү  жер-жерлерде этникалык топтордун жайгашуу өзгөчөлүктөрүнө жараша бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына кеңири киргизилген.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Токтогул жана Кант аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрдү
19.02.2025

Борбордук шайлоо комиссиясы Токтогул жана Кант аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрдү

2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Токтогул жана Кант шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына саясий партиялардан келген талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо жана аларды резервдерине киргизүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү. Чүчүкулак өткөрүү Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» мыйзамы жана «Шайлоо комиссияларын түзүү, кайрадан түзүү жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү тартиби» жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-декабрында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланган. Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү беш жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт жана саясий партиялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тең укуктуу өкүлдөрүн камтыйт. Эгерде саясий партиялардан келген талапкерлердин саны белгиленген нормадан ашып кетсе, чүчүкулак  өткөрүлөт, бул болсо процессти объективдүү жана ачык жүргүзүүгө кепилдик берет. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы үчүн өткөрүлгөн чүчүкулак өткөрүүгө жети саясий партиянын өкүлдөрү катышты: “Жаңы Кыргызстан”, “Эл умүтү”, “Өнүгүү Прогресс”, “Бирге Вместе”, “Тынчтык”, “Ынтымак” жана “Ишеним” партияларынан. Чүчүкулак өткөрүү жыйынтыгында комиссияга кирген талапкерлердин кезектүүлүгү аныкталып, ошондой эле резервге кирген талапкерлер белгиленди. Кант аймактык шайлоо комиссиясы үчүн чүчүкулак  өткөрүүгө алты саясий партиянын өкүлдөрү катышты: “Эл үмүтү”, “Калк Ынтымагы”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ордо”, “Улуу журт” жана “Ишеним” партиялары. Чүчүкулак  өткөрүү жыйынтыгы комиссиянын резервине кирген талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктады.
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
19.02.2025

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Конституциялык Мыйзам 2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.  Аталган конституциялык Мыйзам КыргызРеспубликасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 15-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу, майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу максатында кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынатөмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 1) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан төгөт; 2) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына майыптыгы бар адамдарболуп саналган талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү майыптыктын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет: –  III топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө; – I жана II топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.
Кененирээк билүү >>
БШКга жаңы мүчө болуп Гүлшаркан Култаева дайындалды
19.02.2025

БШКга жаңы мүчө болуп Гүлшаркан Култаева дайындалды

Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жаңы мүчө Гүлшаркан Култаева тааныштырылды. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова жаңы мүчөнү тааныштырышып, ишине ийгиликтерди каалады. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин карап чыгып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталып, жалпы 78 депутат анын талапкерлигин колдогон. Гүлшаркан Оконовна Култаеванын өмүр баяны 1972-жылы 24-октябрында, Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Ош Технологиялык техникумун «Жип ийрүү өндүрүшүнүн техниги» адистигин, 2001-жылы Ош Технологиялык Университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигин бүтүргөн. Эмгек жолу 1989-жылы Ош шаарындагы №59 бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп башталган. 1990-2016-жылдары – жеке ишкерлик менен алектенген. 2016-2021-жылдары – Ош шаардык кеңешинин депутаты. 2021-жылдын ноябрь айында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Сыйлыктары: Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2001-ж.) «Бизнес Шанс» сынагында «2001-жылдын мыкты ишкери» наамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2001-ж.) Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча Мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы (2003-ж.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Ардак грамотасы (2011-ж.) Үй-бүлөлүү, бир кызы жана үч уулу бар.  
Кененирээк билүү >>
1 … 57 59 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти