Башкы Жаңылыктар Электоралдык кызматташтык жана жаштар саясаты: Кыргызстанда Ысык-Көл форуму …

Электоралдык кызматташтык жана жаштар саясаты: Кыргызстанда Ысык-Көл форуму аяктады

27-Июн, 2025

2025-жылдын 27-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык Ысык-Көл Шайлоо форумунун акыркы күнү болуп өттү.
Экинчи күндүн негизги иш чарасында — Шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны болуп, анда жаштардын электоралдык саясаты жаатында кызматташтык стратегиялары жана артыкчылыктары талкууланды.
Консультативдик кеңештин төрагасы, Беларуссия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко салтанаттуу сөз сүйлөдү.
Жыйынга Казакстан Республикасынын
БШК төрагасы Нурлан Абдиров, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, Россиянын БШК төрагасы Элла Памфилова, Тажикстандын Шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоерзода, Өзбекстандын БШК төрагасы Зайниддин Низамходжаев жана виртуалдык байланыш аркылуу Армениянын БШК төрагасы Ваагн Овамикян да катышты.
КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси – Башкы катчы Дмитрий Аркадьевич Кобицкий, КМШ Аткаруу комитетинин кеңешчиси Марина Владимировна Афонина, КМШ байкоочулар миссиясынын ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Винцентьевич Козяк, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары, МИМРД КМШ ПАА директору Иван Мушкет катышты.
Жыйында Казакстан менен Тажикстанда өткөн шайлоолор боюнча улуттук отчеттор угулду.

Кыргыз Республикасынын БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров жаштардын электоралдык саясаты боюнча доклад жасады. Ал Кыргызстанда жаштар (35 жашка чейинки жарандар) шайлоочулардын 44% түзөрүн белгилеп, алардын саясатка активдүү катышуусун жогорулатуу үчүн атайын чараларды көрүү керектигин айтты.
КМШ мамлекеттериндеги жаштардын электоралдык саясатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын БШК төрагасы өлкөлөр арасында биригип, жаштардын мотивациясын, тоскоолдуктарын жана күтүүлөрүн терең изилдөө боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү баштоону сунуштады.
Жаштар менен иштөө системалык негизде жүрүшү керектиги баса белгиленди.

 Жыйында катышуучулар Эл аралык электоралдык саясат боюнча Консультативдик кеңештин алдында Жаштар саясаты боюнча жумушчу топ түзүү сунушун колдошту жана тиешелүү Жобо кабыл алышты.
Бул кадам,
КМШ өлкөлөрүнүн шайлоолорунда жаштардын катышуусун көбөйтүү үчүн кызматташтыкты институционалдаштырууда маанилүү кадам болду.
Шайлоо органдарынын Консультативдик кеңеши «Шайлоочулардын шайлоо жана референдумдар институттарына болгон ишенимин түзүү: Эл аралык байкоочулар уюмдарынын ролу» деген темада тегерек столдун 2025-жылдын 25-ноябрында Санкт-Петербург шаарында өтүүсүнө жардамдашуу тууралуу сунушту колдоду.
Жыйындын аягында Консультативдик кеңештин төрагалык милдети Беларуссиядан Казакстанга өткөрүлдү.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>