Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКда кадрдык өзгөрүүлөр болду
01.04.2025

КР БШКда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Айтикеев Төлөгөн Ороскулович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси кызмат ордуна  дайындалды.  Мурда ал КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Тийиштүү буйрукка КР БШКнын Төрагасы Тынчтык Шайназаров тарабынан кол коюлду. Айтикеев Төлөгөн Ороскулович  Өмүр баяны Туулган күнү: 1963-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад оюлусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Билими: 1985-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун чет тилдер факультетин, «англис тили»  адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолу: • 15.08.1985 – 11.08.1986 —  Кичи-Ак-Жол орто мектебинде мугалим • 11.08.1986 – 21.06.1987 — Райкамал орто мектебинде мугалим • 27.06.1987 – 15.04.1996 — Ак-Жол айылдык кенешинин катчысы • 06.05.1996 – 07.08.1999 — Таш-Көмүр шаарынын  айлана чөйрөнү коргоо инспекциясынын инспектору • 23.08.1999 – 07.02.2000 —  Токтогул атындагы №4 гимназияда мугалим • 10.02.2000 – 11.11.2002 —Таш-Көмүр технологиялык факультетинде окуу иштери боюнча инспектор, методист, • 01.03.2001 – 09.09.2002 — Таш-Көмүр технологиялык факультетинин методисти, / ОКП • 05.11.2002 – 31.10.2012 —  Таш-Көмүр шаардык кеңешинин жооптуу катчысы • 11.10.2012 – 31.12.2012 — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн убактылуу тартылган адиси • 01.03.2013 – 17.01.2019 —Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн эксперти • 17.01.2019 – 12.05.2021 — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы • 12.05.2021 – 01.04.2025 — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Борбордук аппаратынын, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы              Сыйлыктары жана ийгиликтери: • 2006 жылы — "Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" наамы ыйгарылган. • 2008 жылы — "Муниципалдык кызматтын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. • 2017 жылы — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. • 2018 жылы — "Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" наамы ыйгарылган. • 2022 жылы — "Мамлекеттик кызматтын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. • Бир катар ведомстволук сыйлыктары бар.
Кененирээк билүү >>
БШК участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү
31.03.2025

БШК участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү

2025-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуеванын жана борбордук аппараттын кызматкерлеринин катышуусунда онлайн жыйын болуп өттү. Онлайн жолугушууга атайын өкүлдөр, системалык администраторлор, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты. 2025-жылдын 25-мартында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктаган. Онлайн жыйында шайлоо мыйзамдарынын бир нече маселелери талкууланды. Төраганын орун басары участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло албастыгын эскертти: • Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; • сот, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери;  • талапкер, талапкердин өкүлү жана саясий партиянын өкүлү; • башка мамлекеттин жараны болгон адам;  • жазасы жокко чыгарылбаган же мыйзам боюнча жокко чыгарылбаган адам; • башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;  • шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ырааттуу түрдө кызматтан бошотулган адамдары. Онлайн жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү тапшырмалар берилди: Системалык администраторлорго: 2025-жылдын 8-апрелине чейин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн соттуулугунун бар-жоктугун текшерүүнү бүтүрүү, ал «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына: 2025-жылдын 8-апрелине чейин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн терс негиздер боюнча текшерип бүтүрүүсү керек. Маалымат катары: «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү жөнүндө» Жобонун 2-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде, 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген: Терс негиз деп төмөнкүлөр саналат:  •шайлоо мыйзамдарын бузуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган бузуулар;  • жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо жана (же) талаптагыдай аткарбоо;  • шайлоо комиссияларынын ишинин принциптерин бузуу;  • жалпы кабыл алынган моралдык жана этикалык нормаларды бузуу.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитовдун каттоосун жокко чыгарды
28.03.2025

КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитовдун каттоосун жокко чыгарды

КР БШК 2025-жылдын 28-мартындагы жыйынында партиялык тизме менен “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айжигитов Султанбай Абдрашитовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. 2025-жылдын 27-мартында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинен Жогорку Кеңештин депутаты – Айжигитова Султанбай Абдырашитович тууралуу маалымат келип түшкөн. УКМКнын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 14-февралында Сокулук райондук сотунун өкүмү менен С.А.Айжигитовго карата КР КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыптоо боюнча кылмыш иши КР КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүнө кайра квалификацияланган (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү), (1997-ж. редакциясына ылайык). С.А. Айжигитов Кыргыз Республикасынын КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. 2021-жылдын 10-июнундагы Чүй облустук соту С.А. Айжигитовго карата Сокулук райондук сотунун 2020-жылдын 14-февралындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Талапкер С.А. Айжигитов тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды №4 формада чагылдырылган эмес.  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна  ылайык, конституциялык Мыйзамдын 21, 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.  “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте талапкерди, талапкерлердин тизмесин, демилгелүү топту каттоону жокко чыгарууга укуктуу экени белгиленген. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин негизинде С.А. Айжигитовдун каттоосу жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 28 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
28.03.2025

КР БШКнын 2025-жылы 28 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 28 март 2025 ж Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы         1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А. Айжигитов жөнүндө (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШК менен PeaceNexus Фонду “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында кызматташууну талкуулады
27.03.2025

КР БШК менен PeaceNexus Фонду “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында кызматташууну талкуулады

Кыргыз Республикасы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен PeaceNexus Фондунун аймактык директору Чынара Эсенгулдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу маселелерин, учурдагы натыйжаларды жана өнөктөштүктүн келечектеги пландарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл - жарандык иденттүүлүк менен активдүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын укуктук маданиятын жогорулатууга бурулду. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана PeaceNexus фонду ортосундагы кызматташтык Кыргызстан элдеринин бай мурасына негизделген жалпы жарандык баалуулуктарды, адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоо жана заманбап демократиялык принциптерди жайылтууга жана алга жылдырууга багытталган. Тараптар мындан аркы кызматташуу коомдогу жарандык жоопкерчиликтин жана укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимдерин билдиришти.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге  өткөрүп берди
26.03.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 26-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Баткен шаардык кеңешинен Абдыкаар уулу Уланбектин («Ыйман Нуру» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  ­- Таштанов Данияр Иркиновичке («Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Баткен шаардык кеңешинен Малик кызы Гулнурдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  ­- Саматова Абиба Абдиламитовнага («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Баткен шаардык кеңешинен Сулайманбек уулу Акжолдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Алишеров Кенжебай Сабировичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Баткен шаардык кеңешинен Дүйшөева Уулкан Азизбаевнанын («Ынтымак» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  - Жороева Каныгүл Саматовнага («Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.  Бишкек шаардык кеңешинен Мусагул уулу Амантурдун («Эмгек» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  - Майрамбек уулу Сыргакка («Эмгек» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.  Бишкек шаардык кеңешинен Жумалиев Чынгыз Зайнидиновичтин («Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Улугбеков Алмазбек Улугбековичке («Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Алай районунун, Курманжан Датка айылдык кеңешинен Сарыбаева Гулумкан Маликовнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдиева Айнагүл Ашимбековнага өткөрүлүп берилди.Алай районунун, Памир-Алай айылдык кеңешинен Турдубеков Мурзабай Жеенековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Косонова Гүлзина Турганбаевнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 26 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26.03.2025

КР БШКнын 2025-жылы 26 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 26 март 2025 ж Убактысы: 16.45 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШКга жаңы мүчө болуп Бахадыр Конуров дайындалды
24.03.2025

КР БШКга жаңы мүчө болуп Бахадыр Конуров дайындалды

Бүгүн, 24-мартта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КР БШКга жаңы мүчө Конуров Бахадыр Аруновичти тааныштырды. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конуров Бахадыр Аруновичтин талапкерлигин карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. Бахадыр Конуровдун талапкерлиги “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталып, жалпы 72 депутат анын талапкерлигин колдогон.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге  өткөрүп берди
24.03.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 24-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинен Эрмекбаева Майрам Сасыкуловнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Кубаныч кызы Нурзадага өткөрүлүлүп берилди. Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинен Камчыбек уулу Нурсултандын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Сактанов Майрамбек Чиркешбаевичке өткөрүлүлүп берилди. Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинен Бекиев Раимжан Убайдиллаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Кубанычбеков Тунгуч Азаматовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Байсеитова Гулмира Медетбековнага өткөрүлүлүп берилди. Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Ракимбаев Абай Кенешбекович катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешинен Мусаева Элмира Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Дуйшенбаев Изатбек Курманкуловичке өткөрүлүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан С.Т.Берикбаевди КР ЖКнын депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
24.03.2025

КР БШК «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан С.Т.Берикбаевди КР ЖКнын депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

КР БШК 2025-жылдын 24-мартындагы отурумунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Берикбаев Санжарбек Турдукуловичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК Берикбаев Санжарбек Турдукуловичти «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө токтом кылды. КР БШК 2021-жылдын 22-октябрындагы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» №710 чечиминде талапкер Берикбаев Санжарбек Турдукуловичтин каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 24 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
24.03.2025

КР БШКнын 2025-жылы 24 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 24 март 2025 ж Убактысы: 17.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Берикбаев Санжарбек Турдукуловичти чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 3. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" БШКнын чечиминин долбоору. (баяндамачы – Айтиев З.К. Төрагынын кенешчиси.)
Кененирээк билүү >>
Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу коноктор!
20.03.2025

Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу коноктор!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт! Бүгүн кыргыз эли жыл жаңырган, күн менен түн тогошкон, жер жарылып көк чыккан маалда, ырыс - береке төккөн Нооруз майрамын өзгөчө сезим менен тосуп атат. Нооруз майрамы – жаратылышка жан кирип, айланабыз көрккө бөлөнүп, жаңы жашоо демин берген куттуу майрам.  Ушул кубанычтуу майрам күнү - элибизде эсенчилик, жергебизде тынчтык,  ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин жана бир туугандыктын сезими согуп туруусун тилек кылабыз. Баарыңыздардын үйүңүздөргө береке толуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, мамлекетибизде экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болушун каалайбыз.  Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун! КР БШКнын жалпы жамааты
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар жарандардын жана шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү
18.03.2025

КР БШКда майыптыгы бар жарандардын жана шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү

2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү. Жыйынга КР БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун төрайымы Акбалык Жумалиева, бир нече мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. Жыйында шайлоо мыйзамдары жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча негизги маселелер каралды. Жыйында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору, ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынын айрым шайлоочулар категориясынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштары, ошондой эле жумушчу топтун иш планын карашты. Негизги көңүл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо механизмине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарга, шайлоо системасынын инклюзивдүүлүгүнө, майыптыгы бар талапкерлердин квотасына болуучу өзгөртүүлөргө, ошондой эле майыптыгы бар жана түзөтүү мекемелеринде жаткан адамдардын шайлоо укуктарын кеңейтүүгө бурулду. Кыргызстан - жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча активдүү иштердин натыйжасында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетти. Эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ жана БУУ майыптыгы бар жарандардын шайлоого катышуу укуктарын камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чараларды жогору баалашты. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү кеңештерге талапкерлер үчүн майыптыгы бар жарандардын үчүн квоталарды киргизүү жана Жогорку Кеңештин шайлоосунда мындай талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү сыяктуу кадамдар бул багыттагы маанилүү кадамдар болуп саналат. Жумушчу топ алдыдагы боло турган шайлоолорду эске алып, шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, атайын категориядагы шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу, добуш берүү механизмдерин жакшыртуу жана аларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну күчөтүүнү сунуштады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
17.03.2025

КР БШК Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 17-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Конуров Бахадыр Аруновичти чыгарып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жайнакова Болдубүбү Жунушовнаны резервден комиссиянын курамына киргизди. Ошондой эле Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан «Эмгек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эргашев Абдуфаттох чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пахердинов Медетбек Ахуновичти резервден комиссиянын курамына киргизди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
17.03.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 17-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Кемин шаардык кеңешинен («Адилет» депутаттык фракциясы) Садыбакасов Эрнис Кадырбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Джакыпбек уулу Азаматка («Адилет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Майлуу-Суу шаардык кеңешинен Нурматов Кыязбек Камиловичтин  («Эл Биримдиги» депутаттык фракциясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Арапов Нурлан Маматураимовичке  («Эл Биримдиги» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Кочкор-Ата шаардык кеңешинен Абдимуратов Адилет Абдимуратовичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Орозматов Садирбек Кадыржановичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Кочкор-Ата шаардык кеңешинен Тагаев Алманбет Анарбаевичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Макаев Азизбек Абдрасуловичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди. Ак-Терек айылдык кеңшинен Алымкул уулу Ноорузбекке мандат  берилди. Кызыл –Суу айылдык кеңшинен  Нурбек уулу Алишердин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Иманалиев Канат Тойчубековичке өткөрүлүп берилди. Жети-Өгүз йылдык кеңешинен Осмонканова Назгүл Бексултановнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Юсупов Ринат Харсановичке өткөрүлүп берилди. Жети-Өгүз айылдык кеңешинен Байдулетов Атай Талантбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Базаркул уулу Рустамга өткөрүлүп берилди. Барскоон айылдык кеңешинен Ыдырысова Анара Кудайбергеновнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Рахманова Рита Жыргалбековнага өткөрүлүп берилди. Барскоон айылдык кеңешинен Тойматова Мөөр Карыбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Есембаева Гүлмира Сүйербековнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 17 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.03.2025

КР БШКнын 2025-жылы 17 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 17 март 2025 ж Убактысы: 17.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Т.О. Айтикеев шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
1 … 55 57 … 482