Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын  курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
18.04.2025

КР БШК Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 18-апрелиндеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан Өзүбекова Надира Молдобековнаны өз арызынын негизинде курамдан чыгарып, анын ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Турусбекова Аида Темирбековнаны резервден комиссиянын курамына киргизди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге  өткөрүп берди
18.04.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге  өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 18-апрелиндеги отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Сузак, Манас, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинен Кадыров Замирбек Кубанычовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  ­- Касымов Мирбек Эргешовичке өткөрүлүлүп берилди. Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинен Тойкулов Акпарали Эргешовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  ­- Сайдилла уулу Нурсыдыкка өткөрүлүлүп берилди. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинен Дүйшембиев Темирбек Аскараалыевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Акаева Венера Тургунбековнага өткөрүлүп берилди. Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылдык кеңешинен Тентиева Нуриля Сапарбаевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  - Ташмамат уулу Мекенге өткөрүлүлүп берилди. Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинен Сайдакбаров Мухамадсадык Имамалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кыргызбаев Азамат Кубатбековичке өткөрүлүп берилди. Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинен Базарбаев Улан Базарбаевичтин («Ак-Нур Келечек» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Исаев Жаныбек Абдурахмановичке өткөрүлүлүп берилди. Манас районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинен Бекенова Гулира Барпыбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  ­- Надырбеков Алишер Асылбековичке өткөрүлүлүп берилди. Каракол шаардык кеңешинен Тудеев Нурбек Каныбековичтин («Эмгек» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты  ­- Тилемишов Улан Таалайбековичке өткөрүлүлүп берилди. Каракол шаардык кеңешинен Жолдош уулу Эламандын («Эмгек» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Талапкерлердин жоктугуна байланыштуу мандат кийинки шайлоого чейин бош калды.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган кайрылуусуна карата билдирүүсү
17.04.2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган кайрылуусуна карата билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. Кайрылууда айтылган сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүү ыйгарым укугу Борбордук шайлоо комиссиясынын функционалдык милдеттерине кирбейт. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын тутумуна башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленгендей иерархиясы боюнча конституциялык Мыйзам, кодекстен жогору турат. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишмердүүлүгүн биринчи кезекте шайлоо маселелери жөнүндө мыйзамдарга таянып алып барат. Борбордук шайлоо комиссиясы, Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу депутаттык мандаты боюнча билдирүүсүн негизсиз экендигин, ошону менен катар мыйзамдарды бурмалоо менен коомчулукту адаштыруу жана чагымчыл аракеттерге барбоого чакырат. Маалымат үчүн: Султанбай Айжигитовго карата Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан анын депутаттык мандаты боюнча токтом чыгарылып, расмий түрдө өзүнө мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырылган. Токтомдун мыйзамдуулугун сот аркылуу чечүүгө укуктуу экендиги түшүндүрүлгөн.
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
16.04.2025

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Президент тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат берди. Мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.  
Кененирээк билүү >>
«КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
16.04.2025

«КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов. Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырып, депутаттардан түшкөн сунуштарга токтолду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда. Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев аралыктан добуш берүүнү киргизүү менен байланышкан тобокелдиктерге көңүл бурду. Депутат Эльдар Абакиров «аялдардын квотасы» деген сөздөрдү «бир жыныстагы адамдардын квотасы» деген сөздөргө алмаштырууну сунуштаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков шайлоо округдарынын чектерин аныктоо маселесине токтолду. Андан тышкары, депутат Талант Мамытов шайлоолордун таза өтүшү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин эске салды. Ал эми эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков сунушталып жаткан 300 миң сомдук шайлоо күрөөсү өзүн өзү көрсөткөн жаш талапкерлер үчүн өтө оор жүк болорун айтып, бул алардын шайлоого катышуусун чектеши мүмкүн деген пикирин билдирди. Өз кезегинде депутат Камила Талиева талапкерлер үчүн муниципалдык же мамлекеттик кызматта кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы болууга тийиш деген норманы мыйзамга кошууну сунуштады. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.  
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин Комитети Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду жактырды
15.04.2025

Жогорку Кеңештин Комитети Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду жактырды

2025-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат берди. Мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Кененирээк билүү >>
Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
15.04.2025

Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов демилгелеген. Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбооруна карата 38 депутаттан 129 сунуш түштү. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
12.04.2025

КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 2025-жылдын, 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү. Төраганын орун басары Нурлан Койчукеев баштаган БШКнын кызматкерлери Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) белгиленген тилкеде ишембилик өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө, ал аймак катуу таштандылардан, кургак бутактардан, желим идиштерден жана башка калдыктардан тазаланды. Ишембиликке БШКнын 24 кызматкери катышты. Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаадагы санитардык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө камкордук мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт. Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
10.04.2025

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-апрелинде өткөн жыйынында Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерин бекитти. Төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, алардын мандаттары башка талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Ысык-Көл облусу, Тоң району Болот Мамбетов айылдык кеңешинен Карымшаков Санжар Көкөевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Жээнбеков Эркинбек Жээнбековичке өткөрүлүп берилди. Чүй облусу, Кемин району Кичи-Кемин айылдык кеңешинен Карбозов Данияр Эриковичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кожогулов Бакыт Жолдошбековичке өткөрүлүп берилди. Чүй району Биримдик айылдык кеңешинен Моңолов Самар Абдысатаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Асаналиев Саламат Басылбековичке өткөрүлүп берилди. Аламүдүн району Арашан айылдык кеңешинен Курманбаев Алмазбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кыдыров Медер Аккановичке өткөрүлүп берилди. Баткен облусу, Баткен району Ак-Татыр айылдык кеңешинен Ашимова Манзура Мамасалиевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Мамытов Асылбек Нийматиллаевичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 10 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.04.2025

КР БШКнын 2025-жылы 10 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10-апрели Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” жобонун долбоорун бекитүү тууралуу (баяндамачы – Шерипбаев Б.А. коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу).
Кененирээк билүү >>
БШКда төрага Тынчтык Шайназаровдун  УАБЖК  жана ЕККУ/ДИАУБ өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү
08.04.2025

БШКда төрага Тынчтык Шайназаровдун УАБЖК жана ЕККУ/ДИАУБ өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

КР БШКда төрага Тынчтык Шайназаровдун Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер, ошондой эле ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктар боюнча Бюросунун кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инаишвили менен болгон жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо болуп, шайлоо системасын жакшыртуу жана жарандардын шайлоого болгон ишенимин арттыруу боюнча негизги маселелер каралды. Тынчтык Шайназаров эффективдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык Мыйзамдын долбоору боюнча сунуштарды берүүдөгү жардам үчүн ыраазычылык билдирди. ЕККУ өкүлдөрү жолугушуунун уюштурулушуна, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин ачык-айкындуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө, бардык маселелерди эч кандай тоскоолдуксуз талкуулоого даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар ошондой эле БШКнын жаштарды шайлоо процессине тартуу боюнча маалыматтык-түшүндүрмө иштеринде биргелешип иштөөгө даярдыгын белгилешти. ЕККУ өкүлдөрү жолугушуу жакшы маанайда өткөнүн баса белгилеп, мындан аркы кызматташууга ар тараптуу даяр экендиктерин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны болуп өттү
07.04.2025

Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны болуп өттү

2025-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарын өзгөртүү боюнча  конституциялык Мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн Ведемстволор арылык жумушчу топтун (ВАЖТ) кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдар, жарандык коомдук уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы Тынчтык Шайназаров ачып, андан соң Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык офисинин адам ченеми боюнча Департаментинин башчысы Кристофер Блэр сөз сүйлөдү. Жыйынында негизги маселе катары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору талкууланды. Иш-чаранын алкагында баяндамалар жана сунуштар айтылды. Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунун негизги демилгечилеринин бири, Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Мыйзам долбоорунун айланасында биринчи болуп баяндама жасады. Андан соң Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын башчысы, Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү Махабат Кожокеева Борбордук шайлоо комиссиясынын сунуштарын, ВАЖТ  алкагында иштелип чыккан долбоор боюнча тааныштырды. Жыйындын жүрүшүндө депутаттарды шайлоо системасы, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо, үгүт иштерин жүргүзүү, бош мандатты толтуруу, үгүтчүлөрдүн саны, шайлоо күрөөсү, жыйынтыктарды аныктоо, гендердик квота, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана башка маселелер талкууланды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында эл аралык эксперттердин сунуштары жана талдоолору да каралды. ЕККУ/ДИАУБ шайлоо Департаментинин кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инайшвили, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Питер Надерер шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү долбоору боюнча өз сунуштарын беришти. Негизги баяндамалардан кийин ачык талкуу жүрүп, катышуучулар өз сунуштарын, сын-пикирлерин айтышты. Жумушчу топтун мүчөлөрү суроо-жоопторду угуп, жыйынтыгында, жыйында айтылган сунуш-пикирлерди конституциялык Мыйзам долбооруна киргизүүнү сунушташты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
05.04.2025

КР БШК көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыкка катышты. Аппараттын кызматкерлери, төраганын орун басары Айдана Жупуева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гүлшаркан Култаева, Кайрат Маматов жана аппарат жетекчиси Төлөгөн Айтикеев баштаган аппараттын кызматкерлери эки топко бөлүнүп иш алып барышты. Биринчи топ КР БШКнын имаратынын алдына 20дан ашык ак кайың  көчөтүн отургузушту. Экинчи топ Чүй каналынын (ЧЧК) түштүк жагында, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин бекитилген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү. Иштин жүрүшүндө аймакта катуу үй тиричилик таштандысы, кургак бутактар, пластик таштандылар жана башка түрдөгү калдыктар тазаланды. Ишембиликке БШКнын 32 кызматкери катышты. Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууга, табиятка кам көрүү маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Эскерте кетсек, 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин Бишкекте эки айлык санитардык тазалык жана жашылдандыруу иштери өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
Парламенттик угуунун катышуучулары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун талкуулашты
04.04.2025

Парламенттик угуунун катышуучулары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун талкуулашты

Бүгүн, 2025-жылдын 4-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Джайлообай Нышанов. Мыйзам долбоору көп мандаттуу шайлоо системасын киргизүүнү карайт, анын алкагында 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Ар бир округдан Жогорку Кеңештин үч депутаты шайланат (гендердик квота сакталат). Саясий партиялар ар бир округдан бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу болушат. Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар сунуштарды киргизүү менен конституциялык мыйзам долбоорун колдойт. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, шайлоонун уюштурулушун оптималдаштыруу жана чыгымдарды азайтуу үчүн техникалык өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
02.04.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 2-апрелиндеги жыйынында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Түп, Жумгал, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилип, кээ бир мандаттар талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калтырылды: Лейлек району: Тогуз-Булак айылдык кеңешинен Файзуллаева Раат Шайдуллаевнанын жана Кааров Эрболот Ысмайыловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калды. Түп району: Балбай айылдык айылдык кеңешинен Раева Айгүл Руслановнанын жана Дамир кызы Гулмиранын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калды. Карасаев айылдык кеңешинен Искаков Нурбек Бегалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Бердикожоева Жазгул Сакуевнага өткөрүлүп берилди. Балбай айылдык кеңешинен Садабаева Эркенгүл Жолдошбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Текебаев Нурлан Нургожоевичке өткөрүлүп берилди. Жумгал району: Байзак айылдык кеңешинен Сатыбалдиева Гүлайда Болотбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдыкеев Адилет Асановичке өткөрүлүп берилди. Панфилов району: Кайыңды шаардык кеңешинен Байгучуков Манас Балбаковичтин (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдрахманов Улукбек Медетбековичке (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 2 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
02.04.2025

КР БШКнын 2025-жылы 2 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2 апрель 2025 ж Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Түп, Жумгал жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – М.Д Кожокеева. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы). 2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" БШКнын чечиминин долбоору. (баяндамачы –З.К. Айтиев Төрагынын кеңешчиси.)
Кененирээк билүү >>
1 … 54 56 … 482