Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
17.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин 9 ишенимдүү адамы; - № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 24 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 17-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 17-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 17 - ноябры Убактысы: 16.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Ашканбаев Таалай Таабалдиевичтин № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 4. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 5. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 6. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.11.2025

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда, Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Якубжонов Жавлонбек Абдикаимовичтин (“Милдет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Илашов Сохибжон Ахматовичке («Милдет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Хамракулов Обиджон Жабаркуловичтин каза болгондугуна байланыштуу, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулейманов Файзулло Хабибуллаевичке өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин («Эркин Эл»  депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Тургунов Эрлан Эстебезовичке («Эркин Эл» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Жоробаев Жоомарт Тойчиевичтин  (“Бир бол) ыйгарым укугу токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Алимов Козимжон Насировичке («Бир Бол» саясий партиясы) берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты  Абдувахидинов Кадиржан Шакировичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Колдошов Абдумутал Ташболтаевичке өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Хамзаев Авазбек Мураталиевичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкеримов Үсөн Аскарбековичке өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты  Айтыкулов Урмат Калыбековичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Пеньков Александр Николаевичке (“Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
16.11.2025

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда «Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү: - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын № 2211 шайлоо участогу З.Кутманова көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан Ю. Гагарин атындагы № 4 орто мектебинен З. Кутманова көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 5 “Рахат” бала бакчанын имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылындагы № 2216 шайлоо участоктун дареги Карл Маркс көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан № 3 орто мектебинен Сары-Бээ айылындагы Клубная көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан № 5 “Гаухар” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Тагаев көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан № 68 Т.Сартбаев орто мектебиндеги № 2001 шайлоо участкасынын дареги Төш айылындагы Төш көчөсү, 137 дарегинде жайгашкан Ак-Сай атындагы № 92 жалпы билим берүү мектебине өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Султанов көчөсү, 22 дарегинде жайгашкан Б.Төрөгелдиев атындагы мектебиндеги № 2414 шайлоо участкасынын дареги Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р.Санатбаев көчөсүндө жайгашкан С. Казакбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы Достук айылындагы Абдувахапов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан Достук маданият үйүнүн имаратындагы № 2203 шайлоо участогу Достук айылындагы Токтогул көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 21 Фуркат атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагынын Масы айылындагы Турдумбетов көчөсү, 50/1 дарегиндеги Ж.Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2170 шайлоо участогу Масы айылындагы И.Турдумбетов көчөсү, № 55а дарегинде жайгашкан Масы спорт мектебинин имаратына өзгөртүлдү. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Дарыя жана Көк-Арт айыл өкмөттөрү, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргөндү-Достук жана Д. Садырбаев айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
16.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - №10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин бир ишенимдүү адамы; - №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкаров Адылбек Бейшембаевичтин 4 ишенимдүү адамы; - №23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын бир ишенимдүү адамы; - №22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин 2 ишенимдүү адамы; - №20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин бир ишенимдүү адамы; - №24 шайлоо округу боюнча талапкер Акимбаева Гульнара Орозбековнанын 6 ишенимдүү адамды; - №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 2 ишенимдүү адамы; - №18 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Бакыт Муратбековичтин 2 ишенимдүү адамы; - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын 2 ишенимдүү адамы; - № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 20 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин 7 ишенимдүү адамы; - № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын 19 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды: -№22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.Т. Козукееваны каттады; -№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Буркановдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Э.М.Абдырахмановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады; -№28 шайлоо округу боюнча талапкер Абдымамбетова Мунара Байсымаковнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Ш. Асаналиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.С.Осконбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды
16.11.2025

КР БШКсы № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды. Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Б.Бообеков КР БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында кайрылган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 16-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 16-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 16-ноябры Убактысы: 12:00  Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө  (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдымамбетова Мунара Байсымаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкаров Адылбек Бейшембаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исатбек кызы Аиданын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкаров Эмилбек Мырзакуловичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акимбаева Гульнара Орозбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чомоев Бакыт Муратбекочтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окутуу өткөрдү
15.11.2025

КР БШКсы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окутуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-ноябрда аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана тренерлер үчүн окутуу өткөрдү. Республиканын аймактары үчүн окутуу онлайн форматта, ал эми Бишкек шаары жана Чүй облусу үчүн офлайн форматта жүргүзүлдү. Окутуу шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен болууда. Тактап айтканда, окутуунун программасы төмөнкү багыттарды камтыды: -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана аралыктан добуш берүү тартиби; -Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын иштөө принциптери жана ыйгарым укуктары. БШКнын жумушчу топтору менен өз ара аракеттенүү тартиби; - Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби. Окутуу тажрыйба жана билим алмашуу, суроо-жооп форматында болуп, мурдагы шайлоо кампанияларынан мисалдар менен коштолууда. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө аймактык шайлоо комиссияларынын 437 мүчөлөрү катышат. Республика боюнча добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачылган. 2025-жылдын 17-ноябрынан 24-ноябрына чейин бардык участкалык шайлоо комиссияларынын 24 995 мүчөсү жана 30 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуу өткөрүлөт.  
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырууда
15.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырууда

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушуларды өткөрүп, өз программалары менен тааныштырууда. Жолугушууларда  программаларды талкуулоо менен бирге, аймактарды өнүктүрүү багытындагы мыйзам демилгелери боюнча суроо-жооп форматында ой-пикир алмашуу болууда. Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда. Мында бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү – негизги талап. Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрынан 26-ноябрына чейин уланат. 2025-жылдын 14-15-ноябында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү: Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Кен-Талаа, Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөтү; Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтү, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү, Ош шаары (№ 2, № 3, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы), Алай районунун Тилектеш, Курманжан Датка, Жаңы-Алай жана Гүлчө айыл өкмөтү, Кара-Суу районунун Ынтымак, Савай, Ала-Тоо жана Манас айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Ийри-Суу, Жазы айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтү; Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү, Токтогул районунун Сары-Камыш, Толук айыл өкмөтү, Аксы районунун Ак-Жол, Кара-Камыш жана Сары-Челек айыл өкмөтү, Ноокен районунун Д.Садырбаев, Э.Алиев айыл өкмөтү; Талас облусу боюнча – Айтматов районунун Аманбаев, Шекер айыл өкмөтү, Талас районунун Шумкар-Уя, Каракол айыл өкмөтү; Манас районунун Семетей, Үч-Коргон жана Кыргызстан айыл өкмөтү; Чүй облусу боюнча - Сокулук районунун Сокулук, Сары-Өзөн, Төмөнкү-Чүй, Жаңы-Жер, Кайназарова жана Шопоков айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Нурманбет, Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөтү, Чүй районунун Токмок шаары жана Чүй, Биримдик, Онбир-Жылга айыл өкмөтү; Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Түп, Карасаев айыл өкмөтү; Нарын облусу боюнча – Кочкор районунун Чолпон, Кара-Суу жана Сары-Булак айыл өкмөтү, Нарын районунун Миӊ-Булак, Э.Дайракунов, Жан-Булак жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтү; Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, МТУ-106, МТУ-103.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү
14.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 14-ноябрда Россия Федерациясындагы кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргогон кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин жетекчилери жана жарандык активисттер менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Талкууга Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск, Челябинск, Тюмень, Пермь, Иркутск, Улан-Удэ, Владивосток, Казань, Краснодар, Воронеж, Нижний Новгород, Сургут, Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Томск, Мурманск, Набережные Челны жана башка шаарларынан 40ка жакын адам катышты. Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле жаңы киргизилген аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. «Биз өлкө аймагынан тышкары жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз. Алгачкы жолу аралыктан добуш берүү механизми колдонулат. Мекендештерибиз үчүн консулдук каттоого туруунун зарылдыгы жок - tizme.gov.kg сайтынан өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, паспорт же “Түндүк” тиркемеси менен шайлоого келсе жетиштүү», – деп баса белгиледи ал. Талкуу эки саатка жакын созулуп, ага мекендештер активдүү катышып, чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялардын иши, аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, талапкерлер жана алардын программалары, Москвада жана Россиянын башка аймактарында жаңы шайлоо участокторун ачуу мүмкүнчүлүгү, добуш берүү тартиби жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын алдын алуу боюнча суроолорду беришти. Тынчтык Шайназаров катышуучулардын ар бир суроосуна кенен жана так жооп берип, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жөнөтүлгөн бардык кайрылуулар оперативдүү тартипте караларын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар tizme.gov.kg сайтынан өздөрү тууралуу маалыматтарды текшерип, добуш берүүгө катыша ала турганына ынанышты. Жолугушуунун аягында Тынчтык Шайназаров кыргызстандык жаран кайда болбосун, ар биринин добушу өлкө үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. КР БШКсы чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда болушунча ыңгайлуу, ачык жана жеткиликтүү шарттарды түзүүнү улантат. Бүгүнкү күндө чет өлкөдө 100 шайлоо участкасы ачылган, анын 40ы Россия Федерациясында.
Кененирээк билүү >>
Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузган дагы бир жаранга айып пул салынды
14.11.2025

Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузган дагы бир жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө маселени карады. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке карата шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы белгиленген. Жумушчу топтун жыйынында К.А.Ташматова базардан №10 шайлоо округу боюнча талапкер С.Омурзаковдун жолугушуусу тууралуу маалыматты укканын жана WhatsApp топторунда маалымат таратканын түшүндүрдү. Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузганын билген эмес, кийинчерээк ал топтогу аудио билдирүүнү өчүргөн. Жумушчу топ К.Ташматовага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 27-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына К.Ташматовага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу боюнча талапкерлер К.Зулушев менен Ж.Садырбаевага айып пул салынып, И.Кубанычбековго эскертүү берилди
14.11.2025

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу боюнча талапкерлер К.Зулушев менен Ж.Садырбаевага айып пул салынып, И.Кубанычбековго эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды. №10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичке жана № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнага айып пул салынып, № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке эскертүү берилди. Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген. Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Нурба Айыл аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык, № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган. Ал эми Instagram социалдык тармагындагы № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган. Жумушчу топ талапкерлер К.Зулушевге жана Ж.Садырбаевга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 27-беренесине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичке жана № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү. Ал эми № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар КР БШКга Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн келип түшкөн. Ага ылайык, 2025-жылдын 11-ноябрында Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылына кире бериштеги аркага талапкер И.Кубанычбековдун үгүт баннери орнотулгандыгы аныкталган. Жумушчу топ И.Кубанычбековго да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы аталган талапкердин үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу башка дагы факт катталганын эске алып, ага эскертүү берди.
Кененирээк билүү >>
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
14.11.2025

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени карап, төмөнкүдөй чечим кабыл алды: - берген арызына ылайык Абдыкеримов Руслан Сарымсакович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамынан чыгарылды; - комиссиянын курамына резервден Бекжанова Эльзат Тилековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары жана өкүлү катталды
14.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары жана өкүлү катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады: -№25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын 1 ишенимдүү адамы; -№21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин 1 ишенимдүү адамы; -№20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Байтемирова Гуляим Кудайбердиевнанын 3 ишенимдүү адамы; -№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Кубанычбек Ишенкадыровичтин 3 ишенимдүү адамы; -№19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин 6 ишенимдүү адамы; -№3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Матраимов Бакытбек Турдалиевичтин 27 ишенимдүү адамы; -№10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бакиров Артур Жылдызбековичтин 6 ишенимдүү адамы; -№23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 2 ишенимдүү адамы; -№18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бодошев Талантбек Темирхановичтин 32 ишенимдүү адамы; -№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бахшалиев Хансывар Рустамовичтин 2 ишенимдүү адамы; -№1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Набиева Асель Бурхановнанын 5 ишенимдүү адамы; -№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин КР БШКдагы өкүлү: М.К. Илебаев. Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
14.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселелерди карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды: - №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: И.Нурмухамедов; - №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: Р.Р.  Халикова; - №23 шайлоо округу боюнча талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: А.О.Асанбекова; - №2 шайлоо округу боюнча талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А.Айдарованын каттоосун жокко чыгарып, талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Р.А.Айдаровду каттады; - №7 шайлоо округу боюнча талапкер Юсупов Замир Байышовичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д.Чомоевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Т.У. Калбаеваны каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады; - №4 шайлоо округу боюнча талапкер Амиралиев Шабданбек Камалдиновичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү З.С.Сагыновдун каттоосун жокко чыгарып, талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.С. Султанбекованы каттады; - №6 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.О.Омурзаковдун жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А.Досумбетовдун каттоосун жокко чыгарып, талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Ж.Ж.Рашовду каттады. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
1 … 34 36 … 487