КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна 2020-жылдын 30-августунда белгисиз эркектин WhatsApp кат жазуусу келип түшкөн. Анда Абай көчөсүндөгү 56/1-үйдүн үй башчысы квартираларга барып жашоочулардын паспорттук маалыматтарын кайра каттоо үчүн жыйнап, “Биримдик” партиясы үчүн агитация жасап жаткандыгы айтылат. Буларды айткан жаран анонимдүүлүктү сактоону суранат.
КР БШКнын координациялык тобу жашоочулардын паспорттук маалыматтарын жыйноо тууралуу маалыматты КР ИИМне жиберди. Иликтөө башталды.