Добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, жана Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳнү уюштуруу жѳнүндѳ”, “Жарандардын айрым категорияларынын добуш берүүсүнүн тартиби жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону уюштуруу жана анын тартиби жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын референдумун ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону уюштуруу жана анын тартиби жѳнүндѳ” жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык:

Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

- добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;

- шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;

- шайлоо бюллетендерин берүүчү;

- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.

 

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.

 

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

 

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

 

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат.

 

Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн шайлоо бюллетенин берет, алар алганы үчүн кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилишине жооп беришет.

 

Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификация боюнча жабдууну колдонуу менен, шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт. Шайлоочуну идентификациялоо аралыктан жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай шартта жүргүзүлүүгө тийиш.

 

Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:

- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- бул шайлоо участогунда ошол учурда идентификациядан өткөрүлгөн жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;

- идентификациядан өтүп жаткан шайлоочунун фото сүрөтү;

- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.

 

Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Чек шайлоочу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмашып берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.

 

Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесине кирген шайлоочуну идентификациялай албаган жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек бербеген ар бир учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече ирет көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү комиссиянын төрагасына билдирет, андан кийин жабдуунун идентификациялай албаганы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол коёт. Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин шайлоо комиссиясы бул актыларды чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.

 

Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

 

Добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саатта аймактык шайлоо комиссиясына берилип турат, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Берилген чектердин санына негизделген, добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо участоктору жабылары менен, бирок бюллетендер салынган урналар ачылганга чейин берилет.

 

Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номуру коюлат жана шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө ага кол коёт.

 

Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

 

Шайлоо бюллетендери шайлоочунун инсандыгын ырастаган документин көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет.

 

Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет.

 

Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.

 

Шайлоочу шайлоо бюллетенине белгини өзү тандаган талапкердин, саясий партиянын пайдасына тиешелүү чарчыга же "Баарына каршы" позициясына коет.

 

Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

 

Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.

 

Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам иш-аракеттерди шайлоочунун билдирген эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.

 

Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбалаланган) үкөктөргө салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат. Автоматтык түрдө эсептөөчү урнага бюллетенди таштоонун эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылган учурларды кошпогондо, добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга добуш берүү үчүн үкөктү далдалоого же ага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

 

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.

 

Добуш берүү үчүн жайга киргизүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнө шайлоочулар топтолушуп, тоскоолдук кылбай тургандай жүргүзүлүүгө тийиш.

 

Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

 

Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

 

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

 

Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.

 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнүн жана автоматтык түрдө саноочу урналарды пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.