Башкы Чет өлкөдөн добуш берүү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгѳн шайлоо комиссияларында добуш …

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгѳн шайлоо комиссияларында добуш берүүнү уюштуруу тартиби

Мыйзамдар жана укуктук ченемдик актылар Видео Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун тизмеси Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгѳн шайлоо комиссияларында добуш берүүнү уюштуруу тартиби Добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби Байланышуу Жумушчу топ Материалдар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чет ѳлкѳлѳрдѳгү жарандарынын катышуусу боюнча суроолор жана жооптор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо - 2020-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо - 2021-жылдын 10-январы 2021-ж. 11-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча референдум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даярдоо, 2021 күз КР жарандарынын чет өлкөлөрдө шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча кыскача маалымат

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жобого ылайык:
 
Шайлоо күнү добуш берүү участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгѳн мамлекеттин  жергиликтүү убактысы боюнча саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнүн жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун тартибин уюштуруу “Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳнү уюштуруу жѳнүндѳ”, “Жарандардын айрым категорияларынын добуш берүүсүнүн тартиби жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү жана  добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону уюштуруу жана анын тартиби  жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын референдумун ѳткѳрүүдѳ  шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү жана  добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоону уюштуруу жана анын тартиби  жѳнүндѳ” жоболорго жана Борбордук шайлоо комиссияларынын башка ченемдик укуктук актыларына  ылайык ишке ашырылат.