Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө
Жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңеши таркатылсын.
2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 15-майына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жогоруда аталган кеңештин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 26-27 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
Бишкек шаары, 2016-жылдын 31-марты ПЖ № 67