Башкы Мыйзамдар КР Президентинин Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу …

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Републикасынын Президентинин ЖарлыгыКыргыз Республикасынын жкргиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин өзүн өзү таркатуу жөнүндө кабыл алган чечимине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, 3, 5-бөлүктөрүн жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечими эске алынсын.
2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн, ошондой эле жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-апрелинде № 45 жарыяланды
 
Кыргыз Республикасынын Президенти                                      А.Атамбаев

Бишкек шаары, 2017-жылдын 13-апрели ПЖ № 75