Башкы Мыйзамдар КР Президентинин Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин …

Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Републикасынын Президентинин ЖарлыгыКыргыз Республикасынын жкргиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 15-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун, Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 15-мартында N 21 жарыяланды
 
Кыргыз Республикасынын Президенти                             А.Атамбаев
 

Бишкек шаары, 2016-жылдын 14-марты ПЖ № 57