«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
14-Дек, 2020
КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
14-Дек, 2020
Президентти шайлоо
09-Дек, 2020
БШКда Москва жана Тюмень шаарларында кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча маселе талкууланды
02-Дек, 2020
Кол чогултуунун тартиби боюнча маалымат
24-Ноя, 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Жарандык Платформа КФ менен биргеликте, ЕККУнун Программалык Офисинин колдоосу менен “Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга чараларды иштеп чыгууда жана укук коргоо органдары
24-Ноя, 2020
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө
12-Ноя, 2020
Өз тандооңдун учуру келди!
12-Ноя, 2020
Добушуңду сатпа!
12-Ноя, 2020
Добушунду сатпа
12-Ноя, 2020