«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
23-Мар, 2021
Сиздин тандооңуз – биздин жалпы келечегибиз!
23-Мар, 2021
Аялдар үчүн 30% квотаны коргоо механизми
23-Мар, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо
23-Мар, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо
22-Мар, 2021
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) өтөт
22-Мар, 2021
Подготовка к выборам депутатов местных кенешей Кыргызской Республики и референдуму
22-Мар, 2021
Шайлоодо жаңы технологиялардын колдонулушу
22-Мар, 2021
Шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө системасы
19-Мар, 2021
Шайлоодо добуш берүүнүн тартиби
19-Мар, 2021