«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
01-Апр, 2021
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды
01-Апр, 2021
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ
01-Апр, 2021
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ
30-Мар, 2021
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жана референдумга даярдык
24-Мар, 2021
Жергиликтүү кеңештердин статусу
24-Мар, 2021
Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз (2021-жылдын 27-мартына чейин)
24-Мар, 2021
Шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгү
24-Мар, 2021
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
23-Мар, 2021
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн гендердик квота
23-Мар, 2021