Бүгүн, 28-ноябрда, 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Ыкчам чара көрүү координациялык топтун (ЫЧКТ) жыйыны болуп өттү.
Жыйын КР БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун жетекчилиги алдында өтүп, ага КР БШК аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, маалымат алмашуунун ыкчамдыгын камсыз кылуу жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болуучу бузууларына өз убагында чара көрүү маселелери каралды.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, жарандардын шайлоо укуктарынын бузулушуна жол бербөө жана мындай бузууларды алдын алуу, ошондой эле шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Координациялык топтун катышуучулары үчүн окутуу уюштурулду. Ал шайлоо мыйзамдарын колдонуу, мүмкүн болуучу бузууларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле алар аныкталган учурда ыкчам өз ара аракеттенүү боюнча билим деңгээлин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.
Жыйындын натыйжасы боюнча, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында ЫЧКТнын катышуучуларынын мындан аркы биргелешкен ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн багыттары аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу жана эркин, демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдардын ишин координациялоо боюнча иштерди улантууда.
28-Ноя, 2026