Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ тарабынан КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиеванын катышуусунда талапкер Сыймык Жапыкеевди колдоо иретинде чогултулган колдордун аныктыгын текшерүү жүргүзүлдү.
Кол топтоо “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүзөгө ашырылды. Маалыматтардын жана колдордун аныктыгын текшерүү көрсөтүлгөн тутумда камтылган маалыматтарды салыштырып текшерүү жолу менен жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 31 140 кол тамга анык деп таанылды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымкат (справка) берилди.
27-Ноя, 2026