Башкы Жаңылыктар Манас жана Баткен шаарларында КР БШК мүчөлөрүнүн студенттер …

Манас жана Баткен шаарларында КР БШК мүчөлөрүнүн студенттер менен жолугушуулары өттү

Манас жана Баткен шаарларында КР БШК мүчөлөрүнүн студенттер менен жолугушуулары өттү
27-Ноя, 2026

2026-жылдын 26–27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  көчмө маалыматтык кампаниясы өлкөнүн түштүк аймагында уланды.
Бекитилген графикке ылайык, 26-ноябрда КР БШКнын мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке барды. Ал эми КР БШКнын мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен мамлекеттик университетинин филиалы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттери менен жолугушту.
27-ноябрда Бөдөш Мамырова Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен, Миргүл Темирбаева Баткен шаарында Баткен мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Манас, Сүлүктү жана Баткен шаарларында өткөн жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоого катышуунун практикалык аспектилери, жаш шайлоочунун ролу жана шайлоо мыйзамдарынын күнүмдүк турмушта колдонулушу талкууланды. Студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, шайлоо жол-жоболоруна жана заманбап шайлоо системасы түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыгышты.
КР БШКнын көчмө маалыматтык жумуштары 2026-жылдын 11-декабрына чейин улантылат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы           Өткөрүү убактысы:  Саат 17:00           1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө      Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызматына талапкер С. Жапыкеевге карата чогултулган 31 140 кол тамгасы анык деп таанылды
27-Ноя, 2026

КР Президентинин кызматына талапкер С. Жапыкеевге карата чогултулган 31 140 кол тамгасы анык деп таанылды

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ тарабынан КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиеванын катышуусунда талапкер Сыймык Жапыкеевди колдоо иретинде чогултулган колдордун аныктыгын текшерүү жүргүзүлдү.Кол топтоо “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүзөгө ашырылды. Маалыматтардын жана колдордун аныктыгын текшерүү көрсөтүлгөн тутумда камтылган маалыматтарды салыштырып текшерүү жолу менен жүргүзүлдү.Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 31 140 кол тамга анык деп таанылды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымкат (справка) берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси банк секторунун өкүлдөрү менен талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу тартибин жөнөкөйлөтүү маселесин талкуулады
26-Ноя, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси банк секторунун өкүлдөрү менен талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу тартибин жөнөкөйлөтүү маселесин талкуулады

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси А.М. Айбалаевдин Банктар аралык процессинг борборунун, «Элдик Банк» ААКнын жана «А Банк» ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кайрымдуулук каражаттарын которуунун учурдагы механизмдерин, анын ичинде мобилдик банкинг тиркемелери, электрондук капчыктар жана QR-төлөмдөр аркылуу которуу мүмкүнчүлүктөрүн мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү зарылдыгы белгиленди. Бул жарандарга талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу каражаттарды ыңгайлуу жана түшүнүктүү түрдө которууга шарт түзөт.КР БШК ыйгарым укуктуу банктарга жана Банктар аралык процессинг борборуна сунушталган демилгелерди ишке ашыруунун мүмкүн болгон механизмдерин ыкчам иштеп чыгып, кыска мөөнөттө конкреттүү чечимдерди сунуштоо өтүнүчү менен кайрылды.Негизги максат — ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу процессин жарандар жана талапкерлер үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу, ошондой эле мындай механизмдерди келечекте туруктуу негизде колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
Кененирээк билүү >>
Бишкек жана Ош шаарларында БШК мүчөлөрүнүн студенттер менен жолугушуулары уланууда
25-Ноя, 2026

Бишкек жана Ош шаарларында БШК мүчөлөрүнүн студенттер менен жолугушуулары уланууда

2026-жылдын 24–25-ноябрында Кыргызстандын борбор калаасында жана түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн студент жаштар менен көчмө маалыматтык жолугушуулары улантылууда.Бишкек шаарында жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде жана Кыргыз-Россия Славян университетинде өтсө, Ош шаарында М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде уюштурулду.Ал эми 25-ноябрда Бишкек шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалында жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин филиалында студенттер менен жолугушуулар өткөрүлдү.Иш-чаралардын негизги максаты – жаштардын шайлоо жана шайлоо мыйзамдары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, алардын шайлоо процесстерине активдүү катышуусуна шарт түзүү жана жарандык жоопкерчилигин арттыруу. Маалыматтык жолугушуулардын алкагында студенттерге шайлоо жол-жоболору тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, жаштардын шайлоого аң-сезимдүү катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүү жана Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды электрондук түрдө чогултуу маселелерине өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү. Алар аталган жол-жоболордун техникалык өзгөчөлүктөрүнөн тартып, процесстин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу кепилдиктерине чейин суроолорун узатышты.Маалыматтык жолугушууларга БШКнын төрага орун басарлары Лейла Лурова жана Русланбек Жакышов, БШКнын мүчөлөрү Бодош Мамырова жана Миргүл Темирбаева катышты. БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун эксперттери жолугушуулардын мазмундук бөлүгүн камсыздап, шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин студенттерге жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүп беришти.Студенттер менен өткөрүлүп жаткан көчмө маалыматтык жолугушуулар 2026-жылдын 11-декабрына чейин улантылат.
Кененирээк билүү >>