Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Жобо бекитилди
14 августа 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө” Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Аталган Жобо укуктук базаны актуалдаштырууга, терминологияны унификациялоого жана майыптыгы бар шайлоочуларга тийиштүү шарттарды түзүү иштерин системалаштырууга багытталган.
Жобонун бүтүндөй тексти боюнча “майыптыгы бар жарандар” деген түшүнүк “майыптыгы бар шайлоочулар” терминине алмаштырылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптары эске алынып, Борбордук шайлоо комиссиясынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү формалары жаңыртылды.
Маанилүү өзгөртүүлөрдүн бири катары Жобонун аталышынан “шайлоо жана референдум өткөрүүдө” деген сөздөр алып салынды. Бул майыптыгы бар шайлоочулардын укуктарын камсыздоо, инфратүзүмдү адаптациялоо жана маалымдоо иштери шайлоо өнөктүгү учурунда гана эмес, шайлоолор аралык мезгилде да дайыма жана системалуу түрдө жүргүзүлөрүн аныктайт.
