2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда.
Форум шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.
Иш-чарага 20дан ашуун чет мамлекеттин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.
Форумдун алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.
КР БШКнын төрагасы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган шайлоо технологияларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырат.
.jpeg)


.jpeg)
