Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- № 7278 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Москва району, Миң-Булак айыл аймагы, Садовое айылы, Советская көчөсү, 1, “Резит” жеке менчик кафесинин имараты дарегинен Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 223А, “Сакина” жеке менчик соода дүкөнүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү.
Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында №7278 шайлоо участогунун чек арасы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
23-Ноя, 2026