Башкы Жаңылыктар № 13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин …

№ 13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын  кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

09-Фев, 2026

Бүгүн, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» контитуциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.

Алдыдагы шайлоо № 13 шайлоо округу боюнча кайра өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2026-жылдын 9-февралынан 2026-жылдын 28-февралы, саат 08:00гө чейин.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 25 талапкерди каттаган, алардын 15 - эркектер, 10 - аялдар. Алардын ичинен үч талапкердин берген арыздарына ылайык, каттоосу жокко чыгарылды.

2026-жылдын 9-февралынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.

Бул учурда негизги талап - үгүт иш-чараларынын бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык болушу керек.

Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.

Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат:

- тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө, же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

- айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;

- талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

- талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет.

Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

- концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;

- басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш);

- конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.

Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат:

- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга;

- мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо;

- атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо;

- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө;

- байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга;

- диний ишмерлерге;

- кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө;

- 18 жашка толо электерге;

- чет элдик жарандарга жана уюмдарга;

- жарандыгы жок адамдарга;

- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине.

Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.

Шайлоо мезгилинде чет өлкөлүк теле жана радио программалар жазылып алынган түрүндө көрсөтүлөт.

Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды алып көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылышат.

Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>