Башкы Жаңылыктар Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевдин статусу …

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевдин статусу жөнүндө

04-Ноя, 2024

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшөналиевдин кармалгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын 2024-жылдын 3 ноябрындагы маалыматына ылайык, “Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 2-ноябрында 16.10.1988-ж.т. Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичке Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып угузулуп, кылмыш иш боюнча кармалган. Жалал-Абад шаардык сотунун токтому менен бөгөт коюу чарасы аныкталып 2024-жылдын 22-ноябрына чейин камакка алынган”.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 14-октябрындагы № 25 чечими менен Б.С. Дүйшеналиев “Эркин Эл” саясий партиясынын тизмеси менен Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп каттаган.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан талапкер Б.С. Дүйшеналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук берүү тууралуу кайрылуу түшкөн эмес.

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин укуктарын камсыздоо жаатында жогорудагы Мыйзамдын талаптары бузулгандыгы жөнүндө маалымдайт жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так аткаруу боюнча эскертет.

КР БШКнын Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту
24-Ноя, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту

Бүгүн, 24-ноябрда КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугуштуТ. Шайназаров доктор Сердар Муттаны Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун,  шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы мыкты практикалар менен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Т. Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда
24-Ноя, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда

2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда.Форум шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.Иш-чарага 20дан ашуун чет мамлекеттин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.Форумдун алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.КР БШКнын төрагасы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган шайлоо технологияларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Касенов Аймен Абдыталиповичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
23-Ноя, 2026

КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- № 7278 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Москва району, Миң-Булак айыл аймагы, Садовое айылы, Советская көчөсү, 1, “Резит” жеке менчик кафесинин имараты дарегинен Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 223А, “Сакина” жеке менчик соода дүкөнүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү.Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында  №7278 шайлоо участогунун чек арасы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>