Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча …

Борбордук шайлоо комиссиясы №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктап, Тыналиев Айжигит Казакбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды

04-Июл, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 4-июлунда №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 61 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 97 331 шайлоочу киргизилген.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 14 талапкер катышты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө 9 арыз жана даттануулар түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – 5, ЫЧКТга -2, ОШКга - 2).

БШКда КР ИИМ ТКнын, Ысык-Кѳл облусунун ИИБнын. Ысык-Кѳл облусунун прокуратурасынын ѳкүлдѳрүнүн угулду. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги боюнча каралбай калган материалдар жок.

Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана бузуулардын реестринде чагылдырылган. Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/

36 Ысык-кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ысык-Кѳл округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгө 21 807 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 22,40%ын түздү.

Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарды алышты:

1. Турсунакунов Сулайман Сагынбекович - 174 добуш (0,80%);

2. Искаков Эртай Дуйшобекович – 1 696 гдобуш (7,78%);

3. Момбеков Бактыбек Карыпович – 1 192 добуш (5,47%);

4. Мазымканов Атабек Дюшенович - 177 добуш (0,81%);

5. Сартманов Мухтар Аликович – 2 055 добуш (9,42%);

6. Есенгулов Руслан Урустанбекович – 2 692 добуш (12,34%);

7. Тукунов Аманат Шакирбекович – 881 добуш (4,04%);

8. Усенгазиев Темирболот Усенгазиевич – 2 659 добуш (12,19%;

9. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович – 2 803 добуш (12,85%);

10. Тентимишев Султан Таалайбекович – 1 153 добуш (5,29%);

11. Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич - 486 добуш (2,23%);

12. Асипов Самат Баялиевич – 998 добуш (4,58%);

13. Кадыров Кубанычбек Бекбосунович - 806 добуш (3,70%);

14. Тыналиев Айжигит Казакбаевич – 3 498 добуш (16,04%);

15. “Баарына каршы” позициясы үчүн 386 шайлоочу добуш берди (1,77%).

№36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ысык-Кѳл округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколунун негизинде, ошондой эле укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен , Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:

- №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө;

- Тыналиев Айжигит Казакбаевичти №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>