Жарыя: Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан депутаттыкка талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн назарына

28 марта 2024

Жарыя: Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан депутаттыкка талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн назарына

      Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине чейин Баткен жана Ош шаарларында 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 2 Баткен, № 7 Ош жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан депутаттыкка талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн окуу өткөрөт.

Окууну ѳткѳрүү орду жана убактысы:

1. №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн окутуу 2024-жылдын 1-апрелинде саат 11:00дөн баштап саат 14:00гө чейин Баткен шаарында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (кичи зал) өткөрүлөт;

2. Ош шаарындагы №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн окутуу 2024-жылдын 2-апрелинде саат 11:00дөн баштап саат 14:00гө чейин Ош шаарында, Ош шаарынын мэриясынын имаратында (кичи зал) ѳткѳрүлѳт.

Окутуу төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

•  бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

•  шайлоо процессиндеги айкындуулуктун жана аныктыктын технологиялары;

•  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби;

 арыз, даттанууларды кароо тартиби, укуктук жоопкерчилик;

•  шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;

•  бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби.

        Окууга  катышуу маселелери  боюнча төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот: (0312) 66-01-16; 66-02-40.