Башкы Жаңылыктар Туйгунов Таалай Кубатович Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районунун жаңыдан …

Туйгунов Таалай Кубатович Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районунун жаңыдан түзүлгөн Шайыбек Ата айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20-Фев, 2024

2024-жылдын 20-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районунун жаңыдан түзүлгөн Шайыбек Ата айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 14545 адам жашаган Шайыбек Ата айыл аймагы Чон-Сары-Ой жана Кара-Ой айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Шайыбек Ата айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Чон-Сары-Ой кеңешинин 11 депутаты жана Кара-Ой кеңешинин 11 депутаты.

Шайыбек Ата айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Акымбекова Шааркан Бакейнеевна депутат ачып, төрагалык кылды.

Чон-Сары-Ой жана Кара-Ой айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Туйгунов Таалай Кубатович жана Ильязов Джолдошбек Токинович шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Шайыбек Ата айыл аймагынын 30 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 20 добуш алып, Туйгунов Таалай Кубатович бириккен Шайыбек Ата айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.

 

КР БШК маалымат бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07-Ноя, 2026

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү

2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>