Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту жана бошогон депутаттык мандаттарды ѳткѳрүп берди

29-Янв, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаарынын, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

25 депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, 18 талапкер катталган тизмеден чыгарылып, мандат 27 жергиликтүү кеңештин депутатына өткөрүлүп берилди.

«Альянс» парламенттик фракциясынан Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Кадыркулов Адлет Адылбековичтин (4) ыйгарым укуктары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде токтотулду. Мандат «Альянс» саясий партиясынан Кадыралиев Жангазы Мелисовичке (13) өткөрүлүп берилди;

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешинин «Ишеним» парламенттик фракциясынан депутаты Сарсембаев Галым Арипжановичтин (3) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ишеним» саясий партиясынан Сулайманов Азамат Бектеновичке (11) өткөрүлүп берилди;

Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин (№1 Босо-Жол шайлоо округу) депутаты Касымбекова Гулайда Басаркуловнанын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жаманкулова Алтынай Жолдошбековнага ѳткѳрүлүп берилди;

Чүй облусунун Кемин райондагы Кемин шаардык кеңешинин «Адилет» парламенттик фракциясынан депутаты Алымбеков Манай Алымбековичтин (1) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Адилет» саясий партиясынан Байтылешев Данияр Мыктыбековичке (4) ѳткѳрүлүп берилди;

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин (№ 3 шайлоо округу) депутаты Джурабаев Рахим Полатбаевичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумаев Шухрат Кенжебаевичке ѳткѳрүлүп берилди;

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешинин (№ 3 шайлоо округу) депутаты Жалазовдун Салим Харбиевичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Буйлашев Эрмек Калмуратовичке ѳткѳрүлүп берилди;

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Иваново айылдык кеңешинин (№ 1 шайлоо округу) депутаты Аширов Замирбек Усеновичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Юсупов Идрис Хапаровичке өткөрүлүп берилди;

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин (№2 шайлоо округу) депутаты Рахатбек уулу Мирлананын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шопок уулу Ильяска берилди;

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин (№ 2 Кара-Саз шайлоо округу) депутаты Буудайчиева Саламат Бейшенбековнанын ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эдита Абасовна Матагуловага берилди;

Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылдык кеңешинин (№ 2 Кара-Тоо шайлоо округу) депутаты Калиев Урмат Чекматовичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Капесов Кумарбек Кубатовичке өткөрүлүп берилди;

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылдык кеңешинин (№1 Ак-Чий шайлоо округу) депутаты Жалиловдун Уланбек Жалиловичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касмалиева Назгүл Абдыкалыковнага берилди;

Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылдык кеңешинин (№ 1 Түгөл-Сай-Эпкин шайлоо округу) депутаты Абдыракманов Асхат Осунбековичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жунушов Самат Замировичке берилди;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин (№4 Кош-Терек шайлоо округу) депутаты Шабданов Искендер Калыбековичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сатыбалдиев Жээналы Алишеровичке ѳткѳрүлүп берилди;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орукту айылдык кеңешинин (№2 Орукту-Сай шайлоо округу) депутаты Бөрүбеков Замирбек Баймырзаевичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таштаналиев Абдисамат Сатымкуловичке ѳткѳрүлүп берилди;

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңешинин «Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан депутаты Нургазы уулу Кыязбектин (5) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Муратбек уулу Эрчитбекке (10) берилди;

«Жаңы Доор» парламенттик фракциясынан Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Нажимидинов Бекболот Тажибаевичтин (1) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Жаңы Доор» саясий партиясынан Нурланбек Калмурзаевич Абдамитовго (8) өткөрүлүп берилди.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңешинин (№ 4 Андархам шайлоо округу) депутаты Баховидинов Ибодуллохон Туронхожаевичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Махадинова Дилфузахон Охунжаевнага өткөрүлүп берилди.

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин (№4 Ай-Көл шайлоо округу) депутаты Усманова Айсалкын Өмүрбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өмүрзаков Асылбек Эгембердиевичке берилди.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңешине (№7 Кулунду-Борбордук шайлоо округу) мурда чыгып кеткен Ташматов Нурланбек Авалбековичтин ордуна мандат Туратов Салимбек Эгембердиевичке өткөрүлүп берилди.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык кеңешинин (№3 Айбике шайлоо округу) депутаты Маматкулов Шайырбек Пазылбековичтин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Азизбаев Жумабек Абдиллаевичке берилди.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңешинин (№ 7 Кулунду-Борбордук шайлоо округу) депутаты Азимова Жамила Жоробаевна жеке жазган арызынын негизинде ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Асала Сайдалиевна Балтабаевага өткөрүлүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңешинин (№ 1 Боз-Адыр шайлоо округу) депутаты Гиязидинов Кылычбек Гиязидиновичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Батырбек Абиллаевич Нуралиевге өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин «Ыйман-Нуру» парламенттик фракциясынан депутат Омурбеков Акысбек Орозалиевичтин (1), Ыйман-Нуру депутаттык фракциясынан депутат Исмаилов Кубанычбек Касымовичтин (4) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. . Мандат Абдубалиев Кубанычбек Сабыровичке (5) «Ыйман-Нуру» саясий партиясынан, Алимов Кудайназарга (7) «Ыйман-Нуру» саясий партиясынан;

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңешинин (No 3 Мектеп шайлоо округу) депутаты Алыбаев Авазбек Догдурбековичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саданбеков Ислан Усонбековичке өткөрүлүп берилди;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин «Ыйман-Нуру» парламенттик фракциясынан депутат Омурбеков Акысбек Орозалиевичтин (1), Ыйман-Нуру депутаттык фракциясынан депутат Исмаилов Кубанычбек Касымовичтин (4) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдубалиев Кубанычбек Сабыровичке (5) «Ыйман-Нуру» саясий партиясынан, Алимов Кудайназарга (7) «Ыйман-Нуру» саясий партиясынан берилди;

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңешинин (№ 3 Мектеп шайлоо округу) депутаты Алыбаев Авазбек Догдурбековичтин ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саданбеков Ислан Усонбековичке өткөрүлүп берилди;

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылдык кеңешинин (№ 1 Саалиев шайлоо округу) депутаты Борончиев Таалайбек Эсенбекович каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Барыктабасов Таалайбек Эсенбековичке берилди;

Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин (№ 5 шайлоо округу) депутаты Абдисаматов Абдилада каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Кошонов Арманали Мамасалиевичке өткөрүлүп берилди.

 

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>