Башкы Жаңылыктар Шайлоо участокторунан тышкары 1111 шайлоочу добуш берди

Шайлоо участокторунан тышкары 1111 шайлоочу добуш берди

27-Фев, 2022

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 1 253 шайлоочунун 1111 шайлоочусу добуш берди. Жалпысынан шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулардын 88,6%ы добуш берди.

142 адам арыз берген, бирок добуш берген эмес, алардын 60ы участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок.

№ 27 Биринчи май ОШК боюнча – 397 шайлоочунун 338и (85%)добуш берди; № 29 Свердлов ОШК боюнча – 856 шайлоочунун 773ү (90%) добуш берди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту
24-Ноя, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы, доктор Сердар Мутта менен жолугушту.Т. Шайназаров доктор Сердар Муттаны Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун,  шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы мыкты практикалар менен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Т. Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосуна эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда
24-Ноя, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда

2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан электоралдык форумга катышууда.Форум шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.Иш-чарага 20дан ашуун чет мамлекеттин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.Форумдун алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним» деген темада баяндама жасайт.КР БШКнын төрагасы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган шайлоо технологияларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын тааныштырат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
23-Ноя, 2026

КР БШКсы президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Касенов Аймен Абдыталиповичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дуйсекулова Асыл Есимкуловна катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
23-Ноя, 2026

КР БШКсы № 7278 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- № 7278 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Москва району, Миң-Булак айыл аймагы, Садовое айылы, Советская көчөсү, 1, “Резит” жеке менчик кафесинин имараты дарегинен Александровка айылы, Фрунзе көчөсү, 223А, “Сакина” жеке менчик соода дүкөнүнүн имараты дарегине өзгөртүлдү.Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында  №7278 шайлоо участогунун чек арасы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>