Башкы Жаңылыктар Кайра шайлоодо КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддоруна …

Кайра шайлоодо КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддоруна 27 920 120 сом түштү

22-Фев, 2022

 

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышкан № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жөнүндө маалымат берет.

Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*:

  • 150 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
  • 1 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
  • 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
  • 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

*«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүшү мүмкүн.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2022-жылдын 21-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 27 920 120 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 23 285 298,18 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):

№

Аталышы

Түштү

Сарпталды

1

№ 27 Биринчи май шайлоо округу

12 162 500.00

9 306 067.18

2

№ 29 Свердлов шайлоо округу

15 757 620.00

13 979 231.00

 

Бардыгы:

27 920 120.00

23 285 298.18

Кыйла кеңири маалыматтар БШКнын сайтындагы «Талапкер /Шайлоо фонду» https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary маалымат ресурсунда жайгаштырылууда.

 

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
27-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттик кызматка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Акай Кыдыровдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Имарали уулу Мухаммед катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы           Өткөрүү убактысы:  Саат 17:00           1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө      Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
Кененирээк билүү >>
Манас жана Баткен шаарларында КР БШК мүчөлөрүнүн студенттер менен жолугушуулары өттү
27-Ноя, 2026

Манас жана Баткен шаарларында КР БШК мүчөлөрүнүн студенттер менен жолугушуулары өттү

2026-жылдын 26–27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  көчмө маалыматтык кампаниясы өлкөнүн түштүк аймагында уланды.Бекитилген графикке ылайык, 26-ноябрда КР БШКнын мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке барды. Ал эми КР БШКнын мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен мамлекеттик университетинин филиалы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттери менен жолугушту.27-ноябрда Бөдөш Мамырова Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен, Миргүл Темирбаева Баткен шаарында Баткен мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.Манас, Сүлүктү жана Баткен шаарларында өткөн жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоого катышуунун практикалык аспектилери, жаш шайлоочунун ролу жана шайлоо мыйзамдарынын күнүмдүк турмушта колдонулушу талкууланды. Студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, шайлоо жол-жоболоруна жана заманбап шайлоо системасы түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыгышты.КР БШКнын көчмө маалыматтык жумуштары 2026-жылдын 11-декабрына чейин улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызматына талапкер С. Жапыкеевге карата чогултулган 31 140 кол тамгасы анык деп таанылды
27-Ноя, 2026

КР Президентинин кызматына талапкер С. Жапыкеевге карата чогултулган 31 140 кол тамгасы анык деп таанылды

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ тарабынан КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиеванын катышуусунда талапкер Сыймык Жапыкеевди колдоо иретинде чогултулган колдордун аныктыгын текшерүү жүргүзүлдү.Кол топтоо “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүзөгө ашырылды. Маалыматтардын жана колдордун аныктыгын текшерүү көрсөтүлгөн тутумда камтылган маалыматтарды салыштырып текшерүү жолу менен жүргүзүлдү.Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 31 140 кол тамга анык деп таанылды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымкат (справка) берилди.
Кененирээк билүү >>