БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түштү
08 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-ноябрында өткөн жыйналышында №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Карашев Аалы Азимовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү