БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 8 арыз түштү
27 октября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө 8 арызды карап, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Атап айтканда, төмөнкүлөр арыз беришти:
- Артыков Асылбек Авазбекович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович, №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Ешалиев Улан Жолдошбекович, №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Акматова Динара Асанкуловна, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Акунбеков Эрлин Абакирович, №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Маматов Улан Орозалиевич, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Жолболдуев Памирбек Бакыевич, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Муса кызы Алина, №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү