Башкы Жаңылыктар 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын …

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында «мобилдик топтор» чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга маалымат берүү боюнча ишин улантууда

08-Окт, 2021

«Мобилдик топтор» 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында БШК тарабынан, ТИМ жана СӨМ менен биргеликте түзүлгөн. Бул демилге БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин жакшыртуу боюнча долбоорунун колдоосу менен ишке ашууда.

«Мобилдик топтордун» иштөө убактысы:

Дата

Өлкө

Шаар

21 – 23-сентябрда

Россия

Москва жана Санкт-Петербург

23 – 28-сентябрда

Италия

Рим жана Кальяри

29-сентябрдан – 02-октябрга чейин

Россия

Тюмень

01 – 03-октябрда

Россия

Самара

01 – 03-октябрда

Туркия

Стамбул

04 – 07-октябрда

Россия

Томск

04 – 09-октябрда

Туркия

Анталья

06 – 09-октябрда

Россия

Казань

09 – 12-октябрда

Россия

Хабаровск

11 – 14-октябрда

Россия

Краснодар

15 – 17-октябрда

АКШ

Нью-Йорк жана Чикаго

"Мобилдик топтор" алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын даректери жана саны, паспортторду алмаштыруу, жарандарды консулдук эсепке алуу, биометрикалык маалыматтарды жана жарандардын электрондук-санарип кол тамгаларын каттоо ж.б. суроолор боюнча.

"Мобилдик топтордун" курамына кирген А.Дубанбаева жана А.Жупуева БШК мүчөлөрү жыйындын катышуучуларына Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш тутуму боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришет.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары, эреже катары, чет өлкөлүк мекемелердин аймагында Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана БШКнын тиешелүү токтомдору менен 29 чет өлкөдө 58 шайлоо участогу түзүлгөн. БШКнын расмий сайтындагы "Чет өлкөдө добуш берүү" бөлүмүндө дареги жана байланыш маалыматы жазылган чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын тизмеси жайгаштырылган.

«Шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган Кыргыз Республикасынын жараны автоматтык түрдө тийиштүү участка боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна жазылган деп эсептелет, б.а. алар саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлерге гана добуш бере алышат.

Маалымат иретинде:

  • 54 депутат бирдиктүү шайлоо округ боюнча ачык тизме менен шайланат (депутаттыкка талапкерлер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлөт);
  • 36 депутат мажоритардык тутум боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарда шайланат (депутаттыкка талапкерлер саясий партиялар жана жарандар тарабынан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт).

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн тийиштуу участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте эффективдүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөткөн "мобилдик топторду" чет өлкөгө жөнөтүү практикасын улантат, жана ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн эске алуу менен өлкөнүн чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу географиясын кеңейтүү зарылдыгы бар. Учурда кошумча топторду жөнөтүү пландалууда. Топтор жөнөтүлгөн мөөнөт жана шаарлар боюнча маалымат БШКнын сайтына өз убагында жайгаштырылат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>