Башкы Жаңылыктар Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын республиканын аймагынан тышкары убактылуу …

Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын республиканын аймагынан тышкары убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

16-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы Жарлыгы менен дайындалган  2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын убактылуу тышта жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо тууралуу» Жобосун жетекчиликке алуу менен, чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында шайлоочулардын саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен, шайлоо комиссияларынын ишмердигин үзгүлтүккө учуратпоо максатында, Свердлов округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Свердлов ОШК) убактылуу тышта жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынан, жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу талапкерлерди көрсөтүүсү тууралуу жарыялайт:

 

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлигин көрсөтүүдө жарандардын өзүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө, коомдук турмушта катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.   

 

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлеринен, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлүшү мүмкүн.  

 

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго жыйындын катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн жана колу коюлган тизмеси тиркелиши керек.  

 

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясий бирикмелердин уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Свердлов ОШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тийиштүү документ берилет.  

 

Көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:  

 

талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу тууралуу арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу милдеттенмеси;  паспортунун көчүрмөсү; иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн өмүр баяндык маалымат (кадрларды эсепке алуучу жеке баракчасы же резюмеси); байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, уюлдук) электрондук дареги. 

 

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор (анын ичинде электрондук түрүндө) Свердлов ОШКга 2021-жылдын 26-сентябрында саат 18.00гө чейин Бишкек ш., Московская көч. – 15 дареги боюнча кабыл алынат.   

 

Маалымат телефондору: +996 312-382-426, +996 550-963-669

 

Эл. дарек:  tikbishkek@gmail.com

Свердлов округдук шайлоо комиссиясы  

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>