БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

13 сентября 2021

 

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, 2021-жылы 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын жалпы саны - 3 686 921 адам, алардын 1 766 898и же 47,92%ы – эркек, 1 920 023 же 52,08%ы – аял. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын саны 80 720 адамга көбөйдү.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн УШК тизмени шайлоо участогуна илет.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.

Урматтуушайлоочулар!

2021-жылдын 19-сентябрынан тартып 12-ноябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда)  шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ – ЦОН) кайрылуусу зарыл.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү