Башкы Жаңылыктар Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик …

Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоого карата аймактык шайлоо комиссияларынын милдеттери боюнча БШКнын аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешмеси өттү

18-Авг, 2021

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын региондордогу атайын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешме өткөрдү. Кеңешме эл аралык өнөктөштөр – ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун көмөктөшүүсү менен өттү.

Кеңешменин катышуучулары 2020-2021-жылдардагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана сабактарын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартиби жөнүндө шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо комиссияларынын алдыдагы милдеттери, шайлоочулардын тизмесин түзүү тартибиндеги өзгөртүүлөр, даттануулар жана шайлоодогу бузуулар боюнча шайлоо комиссияларынын иш тартиби, мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун иш алкагында өз ара аракеттешүү маселелери менен таанышты.

Кеңешменин катышуучулары пикир алмашып, парламенттик шайлоону даярдоонун төмөнкү маселелери боюнча жалпы ыкмаларды аныкташты:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдары, округдук комиссияларды түзүү жана алардын иши;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди кабыл алуу маселелери, бул процессте УШУ жана ОШКлардын ыйгарым укуктарын тактоо;

- шайлоо бюллетендеринин, добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартибинин оптималдуу форматы – мыйзам ченемдери жана аларды ишке ашыруунун мүмкүн болуучу практикалары;

- бир мандаттуу шайлоо округдар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн преференциялык добуш берүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноо боюнча оптималдуу жол-жоболору тандоо;

- шайлоо комиссияларынын шайлоо процессинин субъектилери менен өз ара аракеттешүү маселелери, шайлоону даярдоонун ж.б. маселелери.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров өзүнүн видеокайрылуусунда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн куттуктап, аларга иштерине ийгилик каалады.

Шайлоону уюштуруу боюнча маанилүү озуйпаны аткарууга ак ниет жана жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн:

Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт:

- 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);

- 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү).

Шайлоо округдарын түзүү

1. Бирдиктүү шайлоо округу республиканын бүт аймагында түзүлөт.

2. 36 бир мандаттуу шайлоо округдары төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлөт:

- шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;

- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.

Учурда бир шайлоо округунун мандаты алдын ала эсеп боюнча 100 миң 266 шайлоочуга барабар.

 Округдук шайлоо комиссияларын түзүү

Округдук шайлоо комиссиялары иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана резервинин ичинен түзүлөт.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөт.

Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесине 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өтүшкөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

“Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат” (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 50-абзацы)

Кыргыз Республикасынын каттоо органынын маалыматы боюнча учурда паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен (ДМБ – Дарек-маалымдама базасы) айырмаланган жарандар бар.

Жарандардын шайлоо укуктарын толук камсыздоо жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттыруу үчүн шайлоо комиссиялары айрым категориядагы жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоого көңүл буруп, бул боюнча маселелерди күн мурун иштеп чыгууга тийиш.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык айрым категориядагы шайлоочулар (добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү) жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо, добуш берүү үчүн орун-жайлардын жогорку деңгээлде жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасынтүзөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш жүргүзөт, добуш берүү үчүн орун-жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө ылайыктуулугун, пандустун, жардамга чакырууу баскыч жабдыктардын  бар-жогун текшерет.

Талапкерлерди,  талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо

Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партиялар документтерди БШКга тапшырат.

Мажоритардык тутум (бир мандаттуу шайлоо округу) боюнча шайлоодо талапкерлер документтердин түп нускаларын БШКга түздөн-түз же болбосо округдук шайлоо комиссиялары аркылуу тапшырат, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү маалыматтарды «Э-талапкерге» киргизет.

Талапкерлер берген маалыматтардын (паспортунун жарактуулугу, билими, соттолгондугу, жарандыгы ж.б.) аныктыгы ведомстволор арлык «Түндүк» тутуму аркылуу текшерилет.  Маалыматтар текшерилгенден кийин БШК талапкерлерди,  талапкерлердин тизмесин каттоо же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Маалыматтарды «Э-талапкерге» туура киргизүү үчүн округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялар үчүн (онлайн жана офлайн форматтарында) окутуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө жана каттоодо шайлоо мыйзамдарынын квоталоо бөлүгүндөгү талаптары сакталууга тийиш: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Маалымдоо жана үгүт

Шайлоо комиссиялары баардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыздайт.

Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) талапкерлер, саясий партиялар үчүн коомдук аянтчаларды бөлүү маселелерин биргелешип чечишет, алардын округдарда шайлоочулар менен чогуу жолугушууларын уюштурат. Бул үчүн ОШК талапкерлердин  шайлоочулар менен жолугушууларынын (4-5-жолугушуу) графиктерин түзүүлөрү керек, бул шайлоочуларга талапкерлердин программалары менен таанышып, суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Шайлоочуларга маалымдоо максатында округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте  маалыматтык материалдарды жайгаштыруу үчүн орунду аныкташат. Ошондой эле талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.

Добуш берүү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартиби

Бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын эки тизмеси түзүлөт – добуш берүүгө катышкан шайлоочулар өз-өзүнчө эсепке алынат.

Иденттештирүүдөн өткөндөн кийин шайлоочу бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өз-өзүнчө чектерди алат. Добуш берүү үчүн өз-өзүнчө бюллетендер даярдалат: бир мандаттуу шайлоо округдары үчүн талапкерлердин ФАА, туулган жылдары көрсөтүлүү менен, ал эми бирдиктүү округ үчүн – саясий партиялардын аталыштары жана саясий партиялардан талапкерлердин ирет номурлары көрсөтүлүп, бош квадраттар менен. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочу шайлоо бюллетенине талапкерге же “баарына каршы” позициясына тийиштүү квадратка белги коёт. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочу партияга тийиштүү бир квадратка белги коёт, башка бөлүгүндө конкреттүү талапкердин ирет номуру үчүн белги коёт. Эгерде шайлоочу бир дагы партияны тандабаса, “баарына каршы” позициясына тийиштүү квадратка белги коёт. Эгерде шайлоочу партия үчүн квадратка белги коюп, конкреттүү талапкердин ирет номуру үчүн белги койбосо, же болбосо чыгып калган талапкердин квадратына белги койсо, шайлоочунун добушу ал партиянын пайдасына эсептелет. Эгерде шайлоочу талапкер үчүн белги коюп, партия үчүн белги койбосо, анда мыйдай бюллетень бирдиктүү шайлоо округу боюнча жараксыз деп таанылат.

МШТ добуштарды автоматтык түрдө эсептөө жана АЭУлардан маалыматтарды б.а. добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын алуу үчүн пайдаланылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары белгилөө кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда шайлоочулардын добуштарын саноо адегенде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жүргүзүлөт, андан кийин бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар жана алардын талапкерлери үчүн жүргүзүлөт. Мында округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын тиешелүү округ боюнча чыгарат, ал эми БШК шайлоо натыйжаларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарынын алкагында чыгарат.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын б.а. жөнөкөй көпчүлүк добуш алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таанылат. БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 5 жана андан ашык пайыз добушун алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептейт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>