Башкы Жаңылыктар БШК жарандардан паспорттогу дарегин каттоо дарегине шайкеш келтирүүнү …

БШК жарандардан паспорттогу дарегин каттоо дарегине шайкеш келтирүүнү өтүнөт

17-Авг, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесинен өзүн күн мурунтан тактоону шайлоочулардан өтүнөт.

Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесине 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өтүшкөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

“Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат” (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 50-абзацы)

Кыргыз Республикасынын каттоо органынын маалыматы боюнча учурда паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен (ДМБ – Дарек-маалымдама базасы) айырмаланган жарандар бар.

Ушуга байланыштуу паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен айырмаланган жарандарды Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин) калкты каттоо органдарында (КТБ, паспорт столдору) өз паспортундагы маалыматтарын шайкеш келтирүүнү көптөн-көп өтүнөт.

Бул үчүн жарандар калкты каттоо органдарына (КТБ, паспорт столдору) кайрылып, төмөнкүдөй жол-жободон өтүүсү керек:

- 2017-жылдагы eID-карта үлгүсүндөгү паспорту бар жарандар иш жүзүндө жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүп, паспорттун чибине актуалдуу дарегин кайра жаздырышы зарыл;

- 2004-жылдагы паспорту (AN сериясындагы ID-карта – сары түстөгү паспорт) бар жарандар иш жүзүндө жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүп, 2017-жылдагы үлгүдөгү жаңы паспорт (eID-карта) алышы керек;

- мурда чет өлкөдө жүргөн, бирок ушул учурда республикада жашаган жеринин иш жүзүндө катталган дареги боюнча жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоодон чыгаруу жана өз паспортундагы маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн калкты каттоо органдарына кайрылышы зарыл!

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат. Шайлоодо Жогорку Кеңештин 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат, ал эми Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округунда ачык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланат.

Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен 1255, 119 түз байланыш телефон номурлары боюнча же https://tizme.gov.kg/ сайтынан тактаса болот.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>