Башкы Жаңылыктар БШКда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен …

БШКда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен ЖКны шайлоого катышуу маселесин талкуулашты

13-Июн, 2021

БШКда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен ЖКны шайлоого катышуу маселесин талкуулашты.

Онлайн-жолугушууга Россия, Казахстан, Кытай, Австрия, Италия, ГФР, Франция, Япониядагы ж.б. кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү – БШК, ТИМ, МКК ж.б. мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган шайлоочулардын тизмесинде бардыгы 52 миңге жакын жаран бар.

Бул тизме элчиликтерде жана консулдук мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык каттоодон өткөн  жарандар тууралуу маалыматтардын негизинде Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилет.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана консулдук каттоого турган жарандар тиешелүү участок боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

Консулдук каттоого коюу жол-жобосу абдан жеңилдетилген – аны аралыкта жана акысыз түрдө ТИМдин порталында (www.mfa.gov.kg) ишке ашырса болот.

Биометрикалык каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн  чет өлкөлөрдөгү мекемелерге баруу талап кылынат.

Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында же шайлоо мезгилинде – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагындагы  шайлоо участокторунда тактоого болот.

БШК төрагасы каттоо, паспорт маселелери, шайлоочулардын тизмелери боюнча чет өлкөлөрдөгү жарандарга кеңеш берүү жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн чет мамлекеттерге «мобилдик топторду» (курамында КР БШКнын, КР ТИМдин жана КРӨ МКК өкүлдөрү болгон) жөнөтүү практикасы улантылаарын маалымдады.

Мобилдик топтор жарандары консулдук эсепке коюу, биометрикалык каттоодон өткөрүү, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу тартиби, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү маселелери, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участоктору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.   

Азыркы кезде мурдагы өнөктүктөрдө өздөрүнүн натыйжалуу иштерин көрсөткөн мобилдик топтор баруучу шаарлардын тизмегин аныктоо, алардын иш графигин пландоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мобилдик топтор КР БШК тарабынан түзүлүп, БУУӨП, МОМ, Германия Өкмөтүнүн колдоосу алдында чет өлкөлөрдөгү шаарларга жөнөтүлөт.

БШК башчысы өлкөнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык шайлоо өткөрүү типтеринин 2 варианты коомдук талкууга коюлду:

1. ачык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча (б.а. шайлоочу партия үчүн, ошондой эле тизмедеги конкреттүү талапкер үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат);

2. аралаш тутум боюнча (35 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланат, 55 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат).

Шайлоочулардын тизмесине 3 млн. 600 миңге жакын жаран киргизилерин эске алганда, Жогорку Кеңеш аралаш тутум боюнча вариантты колдосо, бир мандаттуу округдар боюнча 35 депутатты тандоодо Кыргызстандын аймагы 35 округга бөлүнөт. Демек, ар бир округда шайлоочулардын саны болжолдуу алганда 103 миң жаранды түзөт.

БШК төрагасы төмөнкү учурга басым жасады: үстүбүздөгү жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине 100 миңден ашык жаран киргизилсе, бул чет өлкөлөрдө жарандарды тигил же бул округга киргизүү же өзүнчө округ түзүү жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин лидерлери менен мындай талкууларды онлайн таризинде дайыма өткөрүп туруу, анын жүрүшүндө шайлоо процессиндеги актуалдуу маалыматтар жана жаңылыктар менен тааныштыруу жөнүндө макулдашылды.

Ошону менен бирге БШК башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алкагында чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын жарандык укуктарын аткаруусун жеңилдетүү максатында комиссия шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча ой-пикир, сунуштарын алууга ачык жана даяр экендигин белгиледи.

Жарандар тийиштүү кайрылууларын төмөнкү даректер боюнча жөнөтө алышат:

  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси, БШК төрагасынын орун басары Эшимов Акылбек Жусупович тел.: +996-312-660-191, +996-312-620-150, e-mail: mekendesh@shailoo.gov.kg.
  • БШКнын расмий сайты - http://shailoo.gov.kg учурдагы окуялар, шайлоо процесси, БШК жыйналыштары, жоболору, курамы ж.б. тууралуу маалыматтарды берет.
  •  “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ порталы облустар, гендер, жаш курак топтору ж.б. боюнча шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалыматтарды камтыйт.
  • “Талапкер” - http://talapker.shailoo.gov.kg/ маалымат ресурсу талапкерлер тууралуу маалыматтарды камтыйт.

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>