Бишкек АШКсы айрым шайлоо участкаларындагы референдумдагы добуштарды кайра саноого байланыштуу маалымат берет
21 апреля 2021
2021-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы №1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 УШКлардагы референдумда (жалпы элдик добуш берүү) шайлоочулардын добуштарын коомдук байкоочулардын катышуусунда кайра санады.
Добуштарды кайра саноонун натыйжасында, Бишкек АШКсы "макул" жана "каршы" бюллетендеринде берилген добуштардын саны өзгөрбөгөнүн жана участкалык шайлоо комиссияларынын берилген протоколдоруна дал келгендигин аныктады.
Бишкек АШКсы өз чечими менен добуштарды кайра саноо боюнча протоколдорду өзгөрүүсүз бекитти, анткени техникалык каталар добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасирин тийгизген жок.