Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана референдумда добуш берүү башталды

11 апреля 2021

Бүгүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүү өтүүдө. Кыргызстанда жарандар 28 шаардык кеңештердин 796 депутатын жана айылдык кеңештердин 7560 депутатын шайлашат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча добуш беришет.

Эртең менен саат 8.00дө Кыргыз Республикасынын аймактарындагы 2 435 шайлоо участогунда добуш берүү башталды, 2 273 шайлоо участогунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүү өтүүдө, жергиликтүү кеңештердин иштеп жаткан депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктай элек 4 мшаар менен 32 айыл аймагынын 162 шайлоо участогунда тийиштүүлүгүнө жараша бул жекшембиде шайлоо өткөрүлгөн жок, референдумда гана добуш берүү өтүүдө.

Ошондой эле чет өлкөлөрдө ачылган 48 шайлоо участогунда референдумда добуш берүү өтүүдө. Маселен, ушул учурда Кыргызстандын жарандары Владивостокто (РФ) 6 сааттан бери добуш берүүдө.

Жалпысынан алганда добуш берүү 2 483 шайлоо участогунда өтүүдө.

Добуш берүү саат 20.00гө чейин өткөрүлөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна жеке өзү келүүгө тийиш. Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун “Тизме” порталынан, 1255 номуру боюнча (чалуу акысыз) же ПИН менен 119 номуруна СМС жөнөтүп, биле алат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү