БШК КР ЖК депутаты Аманкулов Мараттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

01 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги өз жыйналышында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Токтом «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү